Жакында Э.Карасартов атындагы орто мектебинин өзүн-өзү башкаруу уюмунун мучөлөрү Үгүт айылындагы М.Баетов атындагы орто мектебинин мектеп парламенти менен жолугушту.

Жолугушууда иш кагаздары, мектепте уюм тарабынан жасалган иштер, алдыдагы пландар менен таанышышты. Ошондой эле мындан ары мектептер аралык байланышты кантип чыңдоого болот, өзүн-өзү башкаруу уюмдарынын ишин кандай жолдор менен алдыга жылдырууга болот деген сыяктуу суроолордун тегерегинде пикир алмашуу болду.

Тажрыйба алмашуу максатын көздөгөн бул жолугушуу Э.Карасартов атындагы орто мектебинин жаштар уюмунун жетекчиси Дөөлөтбек уулу Азаматтын демилгеси менен ишке ашты.

М.Баетов атындагы орто мектебинин мектеп парламенти райондогу алдыңкы коомдук уюмдардын бири жана демилге кылуучу иштерди жүргүзүп келишет. Уюмду мектептен жана класстан тышкаркы тарбиялык иштерди уюштуруучу Ч.Акималиева жетектейт.
Даярдаган: Ш. Кушбелдекова
Сынак үчүн
АК