Түп районунун Сары Тологой айылында 8-ноябрь күнү Калыс Эгембердиев атындагы мектеп ишке берилди. Бул мектеп 2015-жылы мамлекет тарабынан каржыланып, салына баштаган. Жаңы мектепке кирген окуучулардын кубанычына чек жок.

Мектеп директору Гүлбара Толумбекова окуучулар үчүн бул мектепте шарттар түзүлгөндүгүн баяндап берди.
“Бизге жүз элүү орундук имарат курулду. Мектептин ичинде окуучулар үчүн баардык шарттар түзүлгөн. Учурда 278 окуучу окуйт. Эми кудай буйурса бул мектептен кыргыздын керегине жараган кыз-уландар окуйт деген тилектемин”,- деп токтолду мектеп директору.

Аталган мектептин окуучусу Нурайым Кубанычбек кызы өз ыраазычылыгын төмөндөгүчө билдирди.
“Бүгүн бизде чоң майрам. Жаңы мектепке киргенибизге окуучулардын бары кубанып жатабыз. Себеби мурда кичине мектепте окуп келсек, эми минтип жаркыраган мектепке кирип отурабыз. Мектепти куруп берген адамдарга ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, — дейт мектеп окуучусу.
Мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Гүлзада Арымбаева толугу менен мектеп жабдыктары келгендиги тууралуу өз сөзүндө билдирди.

“Бүгүн биздин жаңы мектептин ачылыш аземи болуп жатат. Бул мектепке толугу менен парта, отургучтар алынып келинди. Жалпысынан жыйырма үч мугалим эмгектенбиз. Алардын сегизи түшкү класстын, ал эми калганы жогорку класстын мугалимдерибиз”, — деди окуу бөлүмүнүн башчысы.
Даярдаган: Адилия Мундукова
Редактору: Нуриса Максат кызы
Сынак үчүн