А.Абдраимов атындагы орто мектебинде класстан жана мектептен тышкаркы иштерди уюштуруучулардын райондук семинары өттү.

Ага райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Ильич Жакшылык уулу, мектептин жалпы жамааты, окуучулар жамааты катышты. Семинарда М. Баетов атындагы орто мектебинин уюштуруучусу Ч.Акималиева 9-класстын окуучуларына “Жугуштуу оорулар”, Ж.Сатылганов мектебинин уюштуруучусу Г.Кулубаева “Адам жана ден соолук”, С.Атамбеков мектебинин уюштуруучусу “СПИД-кылым коркунучу” деген темаларда ачык тарбиялык класстык сааттарды өтүшүп, окуучулар жигердүү катышты.

Иш-чаранын журүшүндө башка мектептен барган беш уюштуруучу А.Абдраимов атындагы орто мектебинин окуучуларына ар кандай үлгүдөгү сабактарды өтүштү. Семинарда бул теманы тандап алуудагы негизги максат-окуучулардын ден соолугун сактоого кам көрүүгө тарбиялоо болгондуктан, ушу багыттагы сабактар өтүлдү. Жыйынтыгында баа берилип, уюштуруучулаодын кийинки семинары декабрь айына белгиленди.
Даярдаган: Кубанычбекова Калида