Нарын районуна караштуу Учкун айылында биринчи жолу футбол аянтчасы курулууда. Учкундуктар грант утуп алышып, аянтчаны куруу ишке ашырылууда. Жалпысынан курууга 350 миң акча каражаты кеткен. Учкун айылынын тургундарынан да акча каражатсы салым катары чогултулган.
Негизи бул аянтча жайында эле курулуп бүтмөк. Акча каражаты тургундардан толук чогулбагандыгына байланыштуу кечирээк ишке берилди. Ушул жуманын аягы менен футбол аянтчаны куруу иштери аяктайт.
Мурун балдар, футболду топурак үстүндө ойносо, азыр кубанып, «заман талабына ылайык аянтчада ойнойбуз» дешип кээ бир окуучулар кубанычтары менен бөлүшүп кетишти.
Кайрат Ишен уулу буга чейин коңшу айылдагы футбол аянтына барып, акча төлөп топ ойноп келгенин айтат.
«Мен ушул аянтчаны куруп берип жатышкандарга чоң ырахматымды айтам. Дайыма жаан жааганда баткактан тайгаланганыбызга карабай топ ойночу элек. Бизге жакын Сары-Ой айылына барып, алар менен беттешип, ойноп турабыз», — дейт футбол сүйүүчүсү.
Көбүнчө мектептин балдары спорт аянтчасы жоктугуна байланыштуу коңшу айыл, Пионерге барышып футбол ойношчу. Себеби Эшбай Токсобаев мектебиндеги балдардын көбү футболго кызыгышып, ар кандай мелдештерди жума сайын уюштуруп турушат.
Мектеп окуучулары азыр ушундай жерде ойноп жатышат.
Аянтчанын курулуп жаткандыгына балдар гана эмес, чоңдорду да кубандырууда.
Ишку Сокурова «айылыбыздагы курулуп жаткан аянтча мени абдан кубандырууда. Балдарыбызга абдан жакшы шарт түзүп беришти. Ушундай нерселер көп курулса келечекте мыкты футболчулар чыгышына ишенем» дейт.
Иштеп жаткан курулушчулар жооп берүүдөн баш тартып, «Учкунстандын» кабарчыларынын иинтервью алуу аракети натыйжасыз бойдон калды.
Даярдаган: Айжамал Рысбек кызы
Редактору: Жанара Асанкул кызыз
Сынак үчүн