Айылда суук түшүп, кыш мезгили жакындап калды. Кышка айыл тургундарынын кээ бири даяр болсо, башкасында даярдык жок. Ушунун негизинде тургундардан кышка даярсызбы? Эгер даярдыгы жок болсо эмне үчүн деген суроолорду узаттык.
Нарын районуна караштуу Учкун айылында учурда көмүр сатып, отун алып кышка даярданган тургундар көп. Айылдыктардын кээ бири «кыш быйыл катуу болот» деп аябай камданып жатышса, кээ бири тескерисинче «жылуу болот» деп камырабай эле жүрөбүз дешти.
Кубан Карымбаев: Кышка даярдык жакшы. Көң тартып алдык, отундарды да алып келдим.
Кемелжан Абдыжанов: Көмурдүн 1 тоннасын 3000 сомдон алдым. Малдарга чөптөрдү да даярдап, баары даяр. Үйүбузгө от жага баштадык.
Жаңыл Эшимбекова: Кышка даярдык жакшы, азыр күн жылуу болуп, ошого байланыштуу жакшы деле даярдана элекпиз. Отундарды алып, эшик терезелерибизди жылуулап жатабыз. Ошондой эле мен сабак берүүчү класстардын ичи да жылуу, көмүр түшүп, жагылып жатат.
Турсунбек Шамырканов: Кыштагы эң негизги көйгөй — бул жылуулук, ошого байланыштуу баарын камдап жатабыз. Калган жалпы даярдыктар эле катары.
Батыш Ускаева: Кышында болсо айыл жергесинде көбүнчө мал чарбачылык менен алектенебиз. Даярдык абдан жакшы, эл катары. Тоютубуз мол, отун суун камдап алдык, ташкөмүрду сатып алдык. Буюрса кыштан жакшы чыгабыз.
Азамат Салыкеев: Кышка даярдык жакшы. Акча каражаттарын да даярдап алганбыз. Кыш суу болот деп жатышат, ошол үчүн даярдык катуу.
Ырыскүл Азыкбаева: Үйлөрдүн баарын жылууладык. Учкун айылына көмүрдү тынбай сатып жүрүшөт. Алардан көмүр да алдык. Отун, көңүбүз да даяр.
Саламат Жусупов: Эми жакында көмүр алалы деп жатабыз. Буюрса баардык жагынан даярбыз.
Турсунаалы Жусупов: Аба ырайынан айтылганына караганда быйыл кыш катуу болот, кар калың түшөт деп жатышат. Ошондуктан жакшы даярдануу керек. Мен даярдыкты эрте эле баштагам. Биз көп бүлөөлү болгондуктан, неберелерим үшүбөсүн деп кышка катуу даярданып жатам.
Таалайкүл Ындыева: Кышка даярдык жок. Себеби көмүр да кымбат экен, отун суу да даяр эмес.
Даярдаган: Айжамал Рысбек кызы, Баян Дүйшөналива, Мунара Бердибек кызы
Редактору: Жанара Асанкул кызы
Сынак үчүн