Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы тарабынан уюштурулган “Келечекке инвестиция” конкурсунун жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр сыйланды. Улуттук Банк каржылык сабаттуулук, банктын кызматтары, пластик карталар жана башка темаларды камтыган ЖМКлардын макалаларын угуп, окуп көрүп жеңүүчүлөрдү аныктады. Бул конкурска «Суусамыр FM»жамааттык радиосунун каржылык сабаттуулук боюнча радиосюжеттери да тапшырылып, дипломго ээ болушту.
Сыйлыкка татыктуу журналисттер Улуттук Банктын башкы кеңсесине чакырылып, сыйланышты. Кыргыз тилиндеги жасаган видеоматериалы менен Нарын облустук телекөрсөтүүсүнүн жаңылыктар бөлүмүнүн редактору Жыпаркуль Садыкказиева биринчи орунга ээ болуп, диплом жана 5 граммдык алтын куйма менен сыйланды.
Өзүнүн материалы тууралуу ал буларга токтолду:
“Мен өзүмдүн видео материалымда жергиликтүү калктан тапкан акчаңызды каякка жумшайсыз деген сурамжылоо жүргүзгөм. Көпчүлүк адамдар күнүмдүк жашоого эле жумшайбыз, анан артканын мал түрүндө байлык сактайбыз деп жооп беришкен. Ошол эле учурда Нарын облусунда 100 минден ашуун адамдын банктарда депозиттери бар экендиги да аныкталган. Жана элге банк кызматкерлеринин кенеши аркылуу акчаны кантип туура сактап жанан көбөйтүүго болоору тууралуу айтып бергем. Бул программа эфирге чыккандан кийин элдер алтын куймаларга кызыгуусу пайда болуп, суроо менен кайрылган учурлар да болгон. Программанын узактыгы 15 минута болгон.”
Улуттук Банктын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Айгул Молдобекова сынактын максаттары тууралуу мындай дейт:
“Кийинки кезде калктын финансылык сабаттуулугу төмөн болуп жатат , өзгөчө региондордо, ошол себептен бул сынак уюштурулуп жатат. Бул сынак 4-жылы уюштурулду. Жыйынтыгы жаман эмес. 70 ден ашык ЖМК өкүлдөрү тапшырган алардын арасынан 20 га жакынын биз бүгүн сыйладык. Бул сынакка катышкан журналисттердин материалынан каржылык сабаттулукту кээ бир журналисттер өзүлөрү жакшы түшүнбөстүгү билинди. Демек, биз журналисттердин каржылык сабаттуулугун көтөрүшүбүз керек деген ойго келдик. 10дон ашык адамдан комиссия түзүлүп, баарын дыкат карап чыкты. Аймактагы интернет басылмаларынан материал келип түшкон жок. Биз дагы да сынакты уланта беребиз катышкыла, уткула!”
“Конкурстун негизги шарттары обьективдүүлүк жана оригиналдуулук болчу. Ошого жараша карап чыктык, кээ бир учурда материалдар темага ылайыктуу эмес болуп жатты, анткени каржылык сабаттуулук бул чон тема, ошондуктан көп убакытты талап кылды. Айрыкча радио материалдар үчүн кыйыныраак деп ойлойм, анткени радиодо үн менен гана баарын жеткирүү керек, ошол нерсени эске алып, биз радио кызматкерлерин да сыйладык. ”
Конкурста негизинен 12 номинацияга сынак жарыяланып, 6 номинация боюнча гана 6 журналист сыйланып, алтын куймаларга ээ болушту. Калган 6 номинация боюнча татыктуулар жок деген комиссиянын чечими менен, темага жараша актуалдуу жана оригиналдуу материалдарга дипломдор жана күмүш монеталар менен сыйлашты.
Даярдаган: Айзада Калканбекова