Бул дүйнөдө күнөосү жок периште адам жок, биз кыргыздар илгертен бери эле хиджаб кийген эмеспиз. Биздин өзүбүздүн улуттук кыргыз киймибиз бар. Азыркы учурда көчөлөрдө, мектептерде жана ар кандай мекемелерде хиджаб кийген кыз-келиндерди көрөбүз. Алар намаз окусаң, сөзсүз хиджаб кийүү керек деген принципти кармашат. Бирок хиджаб кийген аял сөзсүз тозокко кирбейт деп айтуудан алыспыз. Аны Аллахтан башка эч ким билбейт. Ал эми мугалимдердин, окуучу кыздар хиджаб кийип мектепке келишине түз көз карашта. Анткени алар башка окуучуларга эч кандай терс таасирлерин тийгизбейт. Кандай кийинсе өз эрки деген ойдо. Ушундай ойдогу мугалимдердин бири Айжан Төлөгожоева өз оюу менен кабарчыбыз Адил Асангазиевке төмөндөгүдөй бөлүштү:
« Дин жѳнүндѳ маалыматы болсо окуучулардын анда ар бирѳнүн ѳз эрки кандай кийине турганы. Бизде деле бар да. Себеби үй-бүлѳсү менен диний кѳз карашта. Ошондой жүрүп жатышат, негизи биз тыя албайбыз. Жооук тагынганы менен мектеп эле окуучулук формасы менен жүрѳт. Эгерде мугалим башка динге ѳтүп кете турган болсо тоскоолдук жаратат. Себеби ал сабак учурунда именно диний кѳз карашты, сабак учурунда окуучуларга кандай кандай таалим тарбия берип жатат. Окуучуларды окутуу методикасында диний илим да керек. Себеби биз жалаӊ илим менен эле деп жүрсѳк дин жагыбыз калып калып жатат. Диний, илимий кѳз караш болгондо анда окуучулар боле мындай түшүнүктѳрү пайда болуп, динге да илимге да туура кѳз карашта болмок.
Хиджаб бул аялдын бетин жана алаканынан башка баардык жерин жапкан кийим. Хиджаб кийүү ар бир өзүн мусулманмын деп эсептеген аялдын милдети. Айылдагы беш маал намаз окуган молдолор да ушундай ойдо. Алардын оюу боюнча хиджаб кийүү бул Алла-Тааланын буйругу деген ой- пикирде. Аял затына Алла-Таалам башыңды чүмкөп жүр деп буйрук берген. Ошондуктан аял киши башын эч качан ачык алып жүрбөш керек деген ойдо. Дал ушундай молдолордун бири Элдик Алапбаев өз сөзүндө буларды айтып өттү:
« Бул Алланын буйругу. Кудай Таала аял кишини кийингиле деп ѳкүм берген. Жамынгыла депчи. Ислам дининен башка динде бактылуулук жок, башка дин менен бактылуу боло албайт. Баптистик башка дин менен жок да. Бир кана Аллах Ислам дининде койгон. Жамын дедиби болду, жамыныш керек. Кудайдын буйругу башка бирѳѳнүкү эмес, адамдын да буйругу эмес, пайгамбарыбыздын буйругу эмес, бул Алланын ѳзүнүн ѳкүмү да. Жамынгыла де паял затын».
Бирок жөнөкөй айыл тургундары дин жолундагы адамдар менен пикири, көз карашы дал келбейт. Себеби динге өтө берилип кеткендик туура эмес, өзгөчө мектеп окуучуларына ата-энелери хиджаб кийгизбей эле жакшы тарбия берсе туура болмок деген ой-пикирде. «Кичинекей кыздарга хиджаб кийгизбей эле коюуу керек» деген айыл тургуну Айгүл Иманалиева оюун мындайча түшүндүрдү:
« Ар бир бала ѳзүнүн балалыгын балалыктай ѳткѳрүш керек. Хиджаб кийп алып, башын жамынып алып андай кийим кийгенди туура эмес деп ойлойм мен. Ата-эне ошону ѳзүнѳ жакшы тарбиялап, ошол балдарга андай хиджабды кийгизбей эле койсо деп ойлойм. Беш маал намазды илгери абышка, кемпирлер эле окуучу эле. Азыр мен билбейм, бул заманда кандай экенин ѳзүм деле түшүнбѳйм буга. Беш маал намаз окуган балдарга каршымын, андан кѳрѳ сабак окуп азыр деген билим деген менен ѳнүп ѳсѳт да. Балдардын акчага кызыгып динге берилип кетүүсүнѳ менин оюумча жанакы жетишпегендик кирип кетип жатышат го деп ойлойм».
Мына ушундай окурман, сиздер «хиджаб кийүү туурабы»- деген макаланы уктуңуздар. Кийинки чыгарылышка чейин сак-саламатта туруңуздар. Даярдаган жана алып барган Эрлан Абласов, Адил Асангазиев.