Учурда СПИД оорусу көп болуп жаткандыгына байланыштуу Нарын районунун Куланак айылында СПИДге каршы жөө жүрүш болуп өттү. Бул жөө жүрүшкө айылдын окуучулары, мугалимдери жана медицина кызматкерлери катышышты.
Нарын районуна караштуу Куланак айылында биринчи үй бүлөөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ) клиникалык жетекчиси Сайрагүл Асановага барып берилген суроолорго мындай деп жооп алып келдик.

— Мен Сайрагүл Асанова болуп иштейм. СПИД оорусун алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Жыл сайын 1-декабрь СПИД оорусуна каршы күрөшүү күнүнө карата түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Андан сырткары жер жерлердеги мектеп окуучуларына диктанттар өткөрүлүп, санбюллетендер чыгарылып, ошол менен катар айыл ичинде жөө жүрүштөр өткөрүлүп турат. Негизи СПИД ооруусунун кандай жолдор менен жугаарынын ар бир жаран билип алып, ден соолугуна жакшы, кылдат мамиле жасап, өзүн жакшы алып жүрсө деген оюбуз менен СПИДге каршы алдын иштерди жасап жатабыз. Ошол үчүн мен ушул СПИД оорусунун жугуу жолдорун дагы айтып кетсем. 1-таза эмес кандардан, 2-жыныстык жол менен жугат, 3-наркотикалык заттар менен алектенгендерден, 4-энеден балага жугат. Ушуну ар бир адам жугуу жолдорун билип алса жакшы болот.

Өткөрүлгөн жөө жүрүш боюнча Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинин социалдык педагогу Нурипа Дондошева ушул менен эле токтоп калбастан мындан ары да мындай иштер улана берерин билдирди.

— 1-декабрь бүткул дүйнөлүк СПИД оорусуна каршы күрөшү күнү деп жаряланып бир айлыкта биз өзүбүзчө иш план түзүп алып иш алып барып жатабыз. Мектептерде класстык сааттар өткөрүлүп 1-декабрь күнү ошол жалпы Куланак айылында жүрүш уюштуруп чыгып жатабыз. Бул жүрүштүн максаты — болсо элге СПИД оорусунун кандайча тарайт экенин жана жугуу жолдору жөнүндө маалымат берип элге жеткирүү. Андан сырткары ушул иш чарага, жүрүшкө баардыгы болуп мектептен 150дөн ашык окуучулар 15тей мугалим жана ушул айылдагы медицина кызматкерлери баардыгы болуп жалпы жүрүшкө чыгып отурабыз. Окуучулар негизинен 8-класстан жогоркулар катышышты. Баардыгы активдүү катышып өзүлөрү ошол жүрүшкө плакаттарды даярдашышты. Быйыл биринчи жолу болуп жатат. Бул жөө жүрүшкө окуучулар медицина тармагында иштегендер, лицейде окуган окуучулар жакшы катышып беришти.

Мындай массалык иш-чаралар көп болуп турса ооруну алдын алуу жеңил болот дешет адистер.
Автор: Дилде Шатан кызы
Тренер: Ырысбай Адамалиев
Сынак үчүн