Нарын районуна караштуу Учкун айылында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо 11-декабрда болуп өттү. Он сегиз талапкерден он адам жергиликтүү кеңештин депутаттыгына шайланды.
Учкун айыл өкмөтү эки айылдан туруп, жалпы 21 депутат шайланат. Айыл өкмөттүн курамына кирген Куланак айылында өзүнчө жергиликтүү шайлоо болуп, 11 адам депутат болсо, Учкун айылында он адам депутаттык мандатка ээ болду.
Учкун айылында жаңы шайланган он депутаттын тизмеси:
Бул жаңы шайланган депутаттардын арасында мурунку кеңештин депутаттары дагы бар. Алар: экинчи орун менен өткөн Бакыт Кайыпов жана үчүнчү орунда өткөн Шамурзаев Догдурбек. Депутаттардын арасында аял кишиден Бурулсун Мурсалиева гана мандатка ээ болду.

Шайлоо Эшбай Токсобаев мектебинде өттү. Токсобаев мектебинин чатырынан суу тама бергендиктен, 11-декабрь күнү шайлоо бөлмөсүндө чатырдан тамчы тамып, кээ бир шайлоочулар нааразычылыгын билдирип жатты.
Былтыр Учкун айыл өкмөтүнөн эки айылдан он бир гана депутат шайланган. Быйыл калктын саны алты миңден ашкандыктан, эки айылдан жалпы 21 адам Учкун айыл өкмөтүнүн депутаты болуп шайланды.
Даярдаган: Рустам Көчөрбаев
Редактору: Алмаз Эшбаев
Сынак үчүн