Нарын районуна караштуу Учкун айылында 11-декабрь күнү жергиликтүү кеңештин депутаттаын шайлоо болуп, жыйынтыгында он адам депутаттык мандатка ээ болду. Учкундун тургундары жаңы депутаттардын кандай иштерди аткарышын каалары тууралуу сурамжылоо жүргүзүп көрдүк.
Айыл тургуну Кубаныч Жанталиев: Азыр айылда көйгөйлөр көп. Жаңы он депутат сугат суу маселесин чечип берсе жакшы болмок. Кээде жайында суу тийбей, талаш болот. Ушул маселени чечип берет деп ишенем.
Соодагер Ырыскүл Азыкбаева: Биз жашаган жерде таза суу маселеси көйгөйлүүрөөк. Себеби бирде суу чыгып, бирде чыкпай эле кыйнай берет. Суу маселесин депутаттар быйыл чечет деп ишенем.

Айыл тургуну Кемелжан Абдыжанов: Эми албетте таза суу маселесин биринчи орунда чечиш керек. Бирок башка деле чече турчу көйгөйлөр көп. Мисалы жайыт маселесинде деле көйгөйлөр бар чече турчу.
Үй кожейкеси Рыскүл Мукашова: Ушу кыш келгенден баштап эле таза суу маселеси кыйнап жиберет. Сууну алыстан балам ташып турат. Бирок ушул суукта суу алуучу жайдын алыстыгы, бизге чоң эле көйгөй болууда. Сууну чечип беришсе эле болот эле депутаттар.

Мектеп мугалими Нурсултан Асанбеков: Мына жаңы жыл жакындап калды. Жакында жаңы жылдык кечелер башталат. Мектепте бир жылдан бери колонкалык аппараттын жоктугунан, ар кимдикин сурап колдонуп жүрөбүз. Колонка алууга каражат дагы жетишпейт, кымбат экен. Депутаттар кичине бюджеттен ушуга акча бөлүп берсе жакшы болоор эле.
Фермер Азамат Салыкеев: Быйыл жолдор оңолду кичине. Бирок дагы оңдой турчу жерлер бар. Жол маселесине дагы бюджеттен акча бөлүш керек депутаттар. Себеби айылда техникалар арбын.
Үй кожойкеси Таалайкүл Казиева: Башкасын айтпай эле койойун ушу таза суу маселесин чечишсинчи. Себеби биз таза суу деп көбүрөөк кыйналдык окшойт.
Көптөгөн тургундар депутаттардын суу маселесин чечишин кааларын айтты. Себеби айыл эли көптөн бери таза суунун тартыштыгынан кыйналып келет.
Даярдаган: Бекмырза Нурлан уулу
Редактору: Алмаз Эшбаев
Сынак үчүн