Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Тургунаалы Борбиев коён, көгүчкөн жана тооктун жаңы түрүн багат. Азыр коёндорунун саны 15 болсо, көгүчкөндөрүнүкү 20га жакын.
Учкун айылында коён жана көгүчкөн баккан жалгыз гана Тургунаалы ата бар. Анын баласы эки жыл мурун үч коёнду жана көгүчкөндөрдү 200 сомдон Бишкектен сатып келген.

“Буларды алып келип багуу менин баламдын ою болчу. Эки жыл мурун сатып келген, буюрса азыр алардын саны жылга көбөйүүдө. Кээде коёндорду союп жейбиз, калганы турат, ошол себептен да саны аз”, — деди Борбиев.

Айыл тургундары атайын келип деле коёндорду сатып алышпайт, эч ким кызыктар эмес экенин айтат ал. «Ошол үчүн буларды жөн гана өз кызыкчылыгыбыз үчүн пайдаланабыз десек да болот”, — дейт ал.

Айыл тургуну Азамат Салыкеев «Ушундай жаныбарларды багуу эң эле кыйын деп ойлойм. Алардан пайда көп деле түшпөгөндөн кийин күнүңкү тамагына эле канча нерсе кетет. Андан көрө бакпаганы деле бир четинен туура деп ойлоп кетем», — дейт ал.

Тургунаалы атада “бурама” тоок деп аталган тооктун жаңы түрү бар. Анын өзгөчөлүгү жумуртканы кыш мезгилинде да берип турат.
Келечекте кыла турган пландары ушул коён жана көгүчкөндөрдүн санын дагы көбөйтүп, чет жактарга чыгарып сатуу экенин кошумчалады Тургунаалы ата.
Даярдаган: Аяна Урматбек кызы
Редактору: Жанара Асанкул кызы
Сынак үчүн