Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылында муз аянтчасы ишке кирди. Аянтчаны айыл тургуну Курманбек Исаков ачты.
Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Курманбек Исаков бул аянтчаны каражат табуудан тышкары жаштарды кышкы спортко таартуу үчүн ачкан.

“Мен бул муз аянтчасын ачканда колдоо көрсөткөндөр да, терс сын-пикир айткандар да болду. Бул жер элдики, эмне үчүн акча төлөшүбүз керек деп өзүнүн конькилери менен келгендер нааразы болууда. Биз эмне үчүн акча алабыз? Себеби биз музду түздөп, жарык алып келип, үстүн тазалап турганыбыз үчүн акча алам. Саатына 50 сом, ал эми конькиси барларга күнүнө 20 сом», — деп айтып өттү Исаков.
Айылдагы Мамытов орто мектебинин окуучусу Азиза Бейшекеева муз аянтчасы ачылгандан кийин коньки тебүүнү үйрөнгөнүн айтат.

“Бул жактын ачылганы жакшы болду. Анткени мен досторум менен келип, бул жактан убактымды жакшы өткөрөм. Мен коньки тебүүгө кызыгып калдым”, — деди Бейшекеева.
Курманбек Исаковдун жардамчысы Улан Азизовдун айтымында, муз аянтчасына көп адамдар келүүдө.

“Бул муз аянтчага келген айыл тургундары жакшы эс алып, көңүл ачып кетүүдө. Ошондой эле кышкы спорт менен өз ден соолуктарын чыңдап жатышат”, — деп билдирди Азизов.
Даярдаган: Ая Кендирбаева, Нуриза Муратбек кызы
Редактор:Салават Жангабылов
Сынак үчүн
Телефондон жазылды