Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинде “Чебер уздар” ийрими он жыл мурда ачылып, ага кыздар катышып келишет.
“Чебер уздар” ийримин кол эмгек мугалими Гүлмира Усукеева жетектейт. Ал эми ийримге келген кыздарга түймө түйүүнү, сайма сайууну, кийиз менен иштөөнү үйрөтөт.

«Көбүнчө улуттук буюмдарга басым жасайбыз. Бул ачылган кружоктун максаты — ата-бабаларыбыздан калган кыргыз элинин каада-салтын унутта калтырбоо, мындан ары да апаларыбыздан калган мурастарды өркүндөтүү», — деп билдирди Усукеева.
Айрым окуучулар кол өнөрчүлөрдүн ийримине катышып ийгилик жаратып жатышат. Усукееванын айтымында, окуучулары район жана облустук сынактарда өнөрлөрүн тартуулап келишет.

«Кубанычбек кызы Асел, Азатбек кызы Айжаркын деген кыздарым түймө түйүү, курак куроо, улуттук буюмдарды жасоо менен район, облуска чейин барып, орундарды алып келишкен. Кийинки келген кыздарым да ушул кыздардай болуп, ийгилик жаратса деген оюм бар”, — деди кол эмгек мугалими Гүлмира эже.
Жыл сайын 20-30дай кыз ийримге катышат. Алардын бири Саадат Бейшенбек кызын кепке тарттык.

“Мен бул кружокко катышканыма үч жыл болду. Бул үч жылдан ичинде мен көп нерселерди үйрөндүм. Мисалы: сайма саюуну, курак куроону, түймө түйүүнү жана башка көп нерселерди үйрөндүм. Ал эми мен да классташтарыма кружокко катышкыла деп дайыма үндөп келем”, — деп бөлүшө кетти Саадат.
Автор: Эркинай Барыктабасова
Тренер: Бегимай Талантбек кызы
Сынак үчүн