Токтогул районундагы Чоң-Арык айылынын тургуну Бексултан Асанбеков 15 жылдан бери балчылык менен алектенип келет. Анын иши тууралуу кыскача маек курдук.
Бексултан Асанбеков өзүнүн балчылыгы тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:

— Бир эле пайдасы эмес, көп дарычылык жактары бар. Ошон үчүн бул нерсе менен алектенем. 100дөн ашык бал аарым бар. Өзүмдүн колуман келишинче, карашымча карайм. Турмушума жетерлик акча табам жана бала-чакама, баскан-турганыма жетет. Бал аарыдан бөлөк ферга, прополис көп сурап келген элге дагы берем. Ферга кан басымы болгон адамга жана көбүнчө иммунитет көтөрөт, көп дарычылык жактары бар. Жалпы жонунан жасаган дарыгерлер билет. Мен бал челегимди Бөксө тоосунун башындагы шар суунун жанында кармайм. Ар кандай чөптөр бар, жалпы жонунан айтканда дарычылыгы көп чөптөр бар.
Даярдаган: Арууке Бексултан кызы
Редактору: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн
БУ