Токтогул районунун Чоң-Арык айылындагы тегирмен кызматын көрсөткөндөр аз. Аларды бири Нурлан Атабековдун тегирменине баш бактык.
Чоң-Арык айылынын тургундары жер иштетип, дан эгиндерин өстүрүшөт. Кыш мезгилинде болсо дан эгиндерин тегирменден тарттырып, талкан, жем жасап, малга беришет.
Айыл элинин данын тартып, тегирмен кызматын көрсөткөн Нурлан Атабеков буга чейин кошуналары жана башка жакын жашаган адамдар дан тарттырыш үчүн алыска барып жүргөнүн айтат.

“Тегирмендин аркасы менен бала-чакамды багып жатам, кошумча киреше болот. Тегирмен анчалык көп эмес болчу, өзүбүз алыска барып тартып келчүбүз, айланабыздагы кошуналар келип тартып жатышат. Көбүнчө арпа, жүгөрү, эмне дан алып келсе бардыгын эле тартабыз», — деди Атабеков.

Айыл тургуну Кубанычбек Алманбетов беш жылдан бери ушул тегирмендин кызматынан пайдаланып келгенин айтат.
«Биз ушул Нурлан акенин тегирменин аябай эле пайдаланабыз. Тегирмен жакшы иштейт. Шакты жакшы тартат. Биз тынбай тегирменге келип турабыз. Биздин эл үчүн кызматы абдан жакшы», — деди ал.
Даярдагандар: Бексултан кызы Арууке, Миркалый кызы Шербет
Редактору: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн
БУ