23-декабрда Бишкек жана Астана убактысы боюнча саат 17:00дө «Лонгрид жасоо үчүн tilda.cc сервиси менен иштөөдөгү техникалык өзгөчөлүктөр” деген темада кыргыз тилинде вебинар өтөт.
Жаңы технология, интернет сайттардын өнүгүүсү менен маалыматтардын ушунчалык көптүгүнөн чоң көлөмдөгү материалды онлайн басылмаларга чыгаруу окурманды өзүнө тартпай калды.
Бирок мультимедианы кеңири колдонуу менен жасалган узун формадагы материалдар азыр заманбап ММКда көбүрөөк кездеше баштады. Алар окурманды маанилүү жана комплекстүү сюжеттерге тарттууга жана “табигый” жарнама үчүн кеңири колдонулат.
Лонгрид жасоодогу эң популярдуу сервистердин бири — tilda.cc. Тильда дизайн жөнүндө акыркы түшүнүктөрдү өзгөртөт. Бул сервисте кантип иштөөгө болот? Тильдада кайсы инструменттер жеткиликтүү жана алардын техникалык өзгөчөлүктөрү? Лонгрид жасоого белсенген журналист кандай билим, ыкмаларды билиши керек? Биздин акысыз вебинарда ушул жана башка суроолорго жооп ала аласыздар.
Вебинарды “Ынтымак” Media Groupтун программалык директору, журналист Акылбек Орозматов өтөт.
Yntymak.kg лонгрид жана башка ушул өңүттөгү сервистерди активдүү колдонгон Кыргызстандагы бирден -бир сайт. Бул платформада “Ынтымак” даярдаган материалдар “Мейкин Азия онлайн” жана башка басылмаларга да чыгып турат.
Акысыз вебинарга каттоону бул жерден өтүңүз — https://pruffme.com/landing/u430/tildakyr.
Вебинарда ийгиликтүү катышуу үчүн сизге төмөнкүлөрдү аткаруу керек:
1. Chrome, FireFox, Safari же Opera браузерлердин акыркы вресияларын орнотуу. Браузерде Adobe Flash Player программасынын акыркы версиясы болуу керек. Google Chromeдо Flash Player автоматтык түрдө орнотулган.
2. Сиздин Интернет байланышыңыздын ылдамдыгы жетиштүү экендигин текшериңиз. Вебинарга кошулуу үчүн минималдуу ылдамдык 1Mb болуу керек. Ыңгайлуу иш үчүн сунушталаган ылдамдык 2Mbтен жогору болуу керек (эгер жетиштүү эмес ылдамдык болсо, анда видеороликтерди, көп графикалары бар презентацияларды, көрсөтүү жана башка режимдер менен иштөө учурунда үн жана видео кечигип иштеши мүмкүн). Сиздин интернетиңиздин ылдамдыгын бул баракчадан текшерүүгө болот http://www.speedtest.net/.
3. Эгер сиз интернетке корпоративдик тармактан чыксаңыз, анда 1935, 80, 443 портун ачуу үчүн сиз тутумдук администраторго кайрылышыңыз керек.
4. Вебинарга кирүү үчүн башкы бетте “Вебинарга кирүү” деген кнопканы басыңыз, өзүңүз жөнүндө маалыматты толтуруңуз жана колдонуучулук макулдашуунун астына макулдугуңузду коюңуз.
5. Эгер сиз вебинарга планшет аркылуу чыксаңыз, анда Google Chrome же Puffin Browse браузерлеринен чыгууга сунушталат.
источник — Новый репортер