24-30-август күндөрү мектеп мугалимдери жана ЖОЖ окутуучуларына онлайн окутуу усулдары боюнча вебинарлар сериясы өткөрүлөт. Бул иш-чараны, Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте Онлайн университети өткөрөт.
Вебинарларда онлайн окутуу программалары жана алардын түрлөрү, өзгөчөлүктөрү, функциялары тууралуу практикалык негизде маалыматтар берилет. Видео-сабак даярдап жаздыруу жана аны онлайн ресурстарга жайгаштыруу, онлайн сабак жана сынактарды уюштуруу ыкмалары үйрөтүлөт. Ошондой эле сабакты кызыктуу жана эсте каларлык презентациялоо ыкмалары, камеранын алдында туруп сүйлөө эрежелери жана сторителлинг сыяктуу заманбап педагогикалык ыкмалар да колдонулат деп айтылат маалыматта.
Булардан тышкары мугалимдер үчүн зарыл болгон дикция жана үндүн тембрин жакшыртууга багытталган базалык көнүгүүлөр көрсөтүлүп, сүйлөө учурунда туура дем алуу техникасын, интонацияны байытуунун көндүмдөрүн, кыргыз тилинин негизги орфоэпиялык (туура сүйлөө) нормалары тууралуу пайдалуу маалыматтар берилет.
Вебинарлар сериясынын тренерлери: Онлайн университетинин негиздөөчүсү доцент Элира Турдубаева, тренерлери Мирлан Нуркамилов, Назима Туланова, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) окутуучулары доцент Рита Исмаилова, филология илимдеринин кандидаты Гүлзада Станалиева, филология илимдеринин кандидаты жана белгилүү диктор Айнура Кабатай кызы жана КТМУнун техникалык кызматкери Нурсултан Станалиев, АКШдагы Индиана университетинин окутуучусу жана магистранты Динара Абакирова.
Белгилей кетсек, Онлайн Университетинин эксперттери сапаттуу жана натыйжага багытталган онлайн жогорку адистик курстарды өткөрүп, менторлук (устаттык) багытында иш алып баруу менен вебинарлар сериясын уюштуруп келүүдө.
Касиет Кубанычбек кызы