Билим берүү министрлигинин жобосунун негизинде өткөн окуу жылынын акыркы чейрегинде Ак-Талаа районунда мугалимдер жана тарбиячылар арасында “Санарип педагогика” сынагы жарыяланган. Анын жыйынтыгында райондогу мыкты санарип мугалим жна санарип тарбиячылар аныкталды.
Райондук Билим Берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиевдин айтымында сынакка 23 мугалим жана 19 тарбиячы 5тен сабак даярдашты. “Бардыгы абдан жакшы аракеттенишкен. Анткени, сабакты даярдоо, аны убакытка өлчөө (20-25 минут), үн коштоп окуп, үндү тазалап, видео тасмага кошуунун өзү бир топ эмгекти жана убакытты талап кылат. Мугалимдер жана тарбиячылар профессионалдуу монтаж кылуучу же үн жаздыруучу адис эмес. Бирок алар муну аткара алышты”.
Сынакка келип түшкөн видеосабактарды атайын комиссия курамы карап, сабактын мазмуну менен бирге техникалык сапатына дагы көңүл бурушту.

Гүлзада Жоробекова (солдон биринчи) Кызыл-Белес айылындагы Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектебинин мугалими.

Акмөөр Шералиева (оңдон экинчи) Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин мугалими.
Жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду:
«Санариптик педагогика-2020» сынагынын жеңүүчүлөрү:
Санарип мугалим:
— Баш байге – Гүлзада Жоробекова Кызыл-Белес айылындагы Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектебинин мугалими. Сыйлыгы – Ысык-Көлдө эс алууга жолдомо.
— 1-орун – Мээрим Кудайбергенова. Жаңы-Тилек айылындагы Сабитакун Жусупбаев атындагы орто мектебинин мугалими. Сыйлыгы – 10 миң сом.
— 2-орун – Акмөөр Шералиева. Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин мугалими. Сыйлыгы – 2 кабаттуу керебет.
— 3-орун – Чолпон Атабекова. Коңорчок айылындагы Насипа Жыргалбекова атындагы орто мектебинин мугалими. Сыйлыгы – кесиптик бирликтен 1500 сом жана менталдык арифметика боюнча мугалим Нургүл Макелеева тарабынан 500 сом. Жалпы – 2 миң сом.

Чолпон Абдраимова (оңдон экинчи) Чолок-Кайың айылындагы Кайбылда Касымалиев атындагы бала бакчанын тарбиячысы.

Нурайза Алымбаева (оңдон экинчи) Баетов айылындагы «Алтын муун – Наристе» бала бакчасынын тарбиячысы

Осипа Муратжанова (оңдон экинчи) Баетов айылындагы «Тынчтык» бала бакчасынын тарбиячысы.
Санарип тарбиячы:
— Баш байге – Чолпон Абдраимова Чолок-Кайың айылындагы Кайбылда Касымалиев атындагы бала бакчанын тарбиячысы.Сыйлыгы – Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо.
— 1-орун – Нурайза Алымбаева. Баетов айылындагы «Алтын муун – Наристе» бала бакчасынын тарбиячысы. Сыйлыгы – 10 миң сом.
— 2-орун – Осипа Муратжанова. Баетов айылындагы «Тынчтык» бала бакчасынын тарбиячысы. Сыйлыгы – 2 кабаттуу керебет.
— 3-орун – Айзада Абдраимова. Жаңы-Тилек айылынын «Нур-Ал» бала бакчасынын тарбиячысы. Сыйлыгы – кесиптик бирликтен 1500 сом жана материалдык арифметика боюнча мугалим Нургүл Макелеева тарабынан 500 сом. Жалпы – 2 миң сом.
Мындан сырткары, алдыңкы мугалим жана тарбиячыларга Ак-Талаа райондук Билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы жана Ыраазычылык каттары тапшырылды. Сыйлык ээлерин райаким Сейтек Кулубаев жана Райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев куттуктады.
Мугалим: «Аралыктан окутуу мугалимдерди бир топ сыноого салды».
Барчын Мамытбекова