Кыргызстанда дагы бир онлайн той өттү. Бул тойдун башка онлайн тойлордон өзгөчөлүгү улуттук кийим, жасалга, тамак -аш жана чет өлкөлүк коноктордун онлайн катышуусунда болду. Той ээси дизайнер Миррахим Опош бизге берген маегинде көптөн бери пландап жүргөн тоюн эмне үчүн онлайн өткөргөнүнө токтолду.

— Миррахим мырза, куш бооңуздар бек болсун. Тоюңуздар кандай өттү? Ушул боюнча айтып берсеңиз.
— Саламатсыздарбы. Куттуктооңуздар үчүн ыраазычылык билдиребиз. Той чындыгында абдан жакшы болду. Өзүбүздүн оюбуздагыдай өттү. Анткени, тойго биздин эң жакын, эртели кеч тагдырыбызда орду бар жакындарыбыз катыша алды. Алар биздин айрым туугандарыбыз, досторубуз, чет өлкөлүк досторубуз катышты. Келинчегимди үйүнөн алып келгенден кийин бир жумадан кийин онлайн той кылдык. Эң негизгиси, биз тойду өткөрөт элек деп сарсанаа болуп, кыйналган жокпуз. Эч кандай шаан шөкөтү жок, тынч, гармониядагы той болду.
— Эмне үчүн онлайн той кылууну чечтиңиздер? Азыр тойканалар деле ачылып калбадыбы?
Жылдын башындагы оюбуз боюнча биз кадимкидей эле той өткөрмөкпүз. Аны октябрь айына деп пландап жатканбыз. Анан, азыркы кырдаалга байланыштуу планыбыз өзгөрүп кетти. Мен деле эл катары, элди чогултуп, жүз көрүшүп, каалоо – тилек, бата алгым келген. Бирок, азыркы кырдаалга жараша ушундай кылууну чечтик. Анткени, азыр дүйнө жүзүндөгү пандемия Кыргызстанды дагы каптап, элди сестендирди. Ушул себептерден улам, тоюбузду онлайн өткөрүүнү чечтик. Тойканаларда деле той кылсак болмок. Ага мүмкүнчүлүк деле бар болчу. Эң башкы нерсе, коопсуздук маселеси болду. Биз ушундай жакшы ниетибиз менен баштап жаткан үй-бүлөлүк жашообузда кандайдыр бир кооптондурган маселе жаралышын каалаган жокпуз. Анткени, азыр коомчулук толук кандуу жакшы боло элек. Вирус дагы деле жүрүп жатат. Онлайн формат, коопсуздуктун эң жакшы бир куралы болуп калды. Мисалы, учурда мен тойканага 30, 50 же 100 киши чакырсам дагы оору жукпайт деп ким кепилдик берет? Элдин дене табын текшерип киргизген күндө деле, ким оору алып жүрөөөрүн ошол учурда аныктоо кыйын. Бул биздин конокторубуздун жана өзүбүздүн коопсуздугубуз үчүн эң жакшы жол деп эсептейм.

— Онлайн той өткөрүүнүн дагы кандай артыкчылыктарын сезе алдыңыз?
— Жогоруда айтылган жакшы жактарынан тышкары, мындай тойду өткөрүү жеңилирээк болду. Тактап айтканда биздин эмоционалдык, физикалык күчүбүздү көп алган жок. Ошол эле учурда каржы да көп кеткен жок. Эми сөзсүз түрдө жакшы иш-чарада каржылык чыгымдар болот. Бирок, мен болжогондой чоң чыгым кеткен жок. Биз өзүбүзгө каражат сактап калдык. Мен бул тууралуу да социалдык тармактар аркылуу онлайн тойдун артыкчылыгы, үнөмдүүлүгү туурасында билдирүү жазып, өз тажрыйбам менен жаштарга бөлүшөйүн деп жаткам. Анткени, бата, тилек айтууга бир имараттын болушу абзел эмес. Дүйнөнүн башка бөлүгүндө болуп деле чын дилинен каалоо айтса, ошол кабыл болот. Биз үчүн ошол маанилүү. “Эл эмне дейт?” — деген же дагы башка стереотиптүү көз-караштардан биз үчүн батанын күчү жогору турат. Бизге он киши болобу, беш киши болобу чын дилден берген батасы маанилүү. Өзүңүздөр билесиздер, азыркы тойканаларда өтүп жаткан тойлор “шаблондук” форматта болуп жатат. Көпчүлүгү жаттап алган каалоо тилегин айтат. Жаңы түптөлүп жаткан үй-бүлөгө чын дилден берилген бата абдан маанилүү. Сөздүн касиети, кубаты бар.
— Негизи онлайн той өткөрүү кимдин чечими, сунушу болду?
— Жогорудагы кырдаалдардын себинен улам ушундай чечимге келдим. Мындан тышкары, менин чет өлкөдөн келбей калган жакын бир туугандарым, досторум, башка улуттагы жакшы санаалаштарым бар. Ошол үчүн дагы онлайн формат дагы жакшы болду. Баса, биздин тоюбуз кыргыз, орус жана англис тилинде болду. Анткени, биздин буга чейинки катыштарыбыз ушул тилди алып жүрүүчүлөр.

— Zoom платформасында өткөн тоюңуздарга канча адам күбө болду? Эмнелер менен коштолду?
— Кеминде 40 адам катышты. Ал эми алдын ала катталганы 100гө чамалуу болду. Бул жерде катталып, бирок катыша албай калгандарда техникалык мүчүлүштүктөр болду. Бирок, катыша албаса дагы, калоо тилегин айтып куттуктап жатышты. Биз негизи, онлайн тойду бир жарым саат деп пландаган болчубуз. Жыйынтыгында тойду эки саатка создук. Ошентсе дагы, айрым конокторум каалоо тилегин айтканга жетишпей калды. Ошондой эле, биз тааныш болгон музыканттардын чыгармалары менен коштолду. Бирөөсү чопо чоор, экинчиси комуз ойносо, үчүнчүсү ырдап тоюбуздун көркүн чыгарды.
— Сиздердин тойдогу дагы эң негизги өзгөчөлүк бул жасалгалар жана сиздердин улуттук кийимдер экен. Улуттук колориттеги кийимдер жана жасалгалар боюнча маалымат берип кетсеңиз. Бул кимдин идеясы эле?
— Жасалгалар бул жалпыбыздын эмгегибиз болду. Көпчүлүк уюштуруу иштери менин жоопкерчилигимде болгондуктан, мен чуркап жүрдум. Тоюбуз Бишкектеги “ 7-асман” интеллектуалдык-чыгармачылык студиясында өттү. Эл аралык деңгээлдеги көркөм сүрөтчү Гульмира Кутуева, жакын досторум Бермет Турсалиева, Айбек Байымбетовдор студиянын жасалгалоого жардам беришти. Аркабыздагы туш кийиздин дагы өзүнчө тарыхы бар. Жогоруда аты аталган Гульмира эжебиз өзүнүн кызын алты жыл мурун турмушка узатканда колдонгон экен. Бата, тилек сиңген туш кийизди Гүлжан жана Чолпон эжелерден алдык. Ал биздин да тоюбуздун көркүн ачкан элементтердин бири болду. Ал эми кийимдердин бардыгын өзүбүз тиктик. Буга чейин да өзүбүз пландап жүрчүбүз. Билсеңиздер керек, менин “Sherden” аталышындагы брендим бар. Биздин кийимдерибиз да ошол бренддин негизинде жаралды.

Карантинден кийин той форматы өзгөрөбү?
Аудио: Кыргыз тойлору реформага муктаж болуп калдыбы?
Касиет Кубанычбек кызы