Кара-Чий айылынын М.Иманалиев атындагы орто мектебинде, 3-декабрь «Майыптар күнүнө» карата мүмүнчүлүгү чектелген окуучуларга жардам көрсөтүлдү жана «Жаныңдагыларга жардам бер!!!» аттуу сүрөт көгөзмөсү болду.

Бул туралуу М.Иманалиев атындагы орто мектебинин директору Айзада Байсалова буларга токтолду:
«Окуучулар өздөрүнөн ашкан ар кандай буюм-тайым, оюнчук, кийим-кечелерди жардам катары алып келип беришти. Жана ошондой эле сүрөт көргөзмөсү башталгыч класстар үчүн уюштурулган, ал эми жогорку класстын окуучуларына мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга материалдык жактан жардам берүү тапшырмасы берилген»

Жана ошондой эле мектептин соц-педагогу Элзат Сыдыкова өз оюн мындайча билдирди:
«Биздин окуучуларыбызга Кара-Чий айылынын атуулу Жолдошбек Токторалиев тарабынан жардам көрсөтүлүп, 11 окуучуга 5500 сом өлчөмүндөгү белектер тапшырылды.»

Белгилей кетсек «Жаныңдагыларга жардам бер!!!» аттуу конкурстун жыйнтыгында 1-2-3-орундарга мактоо бракчалары жана кызыктыруучу белектер тапшырылды.
Даярдаган: Аман Шаршенбеков