Талас облусунун Бакай-Ата айылында түнү-күнү кызмат көрсөткөн дарыкана ачылды. Бул боюнча дарыкананын жетекчиси Бакбол Жоробеков менен маек курдук.
Эмне үчүн Бакай-Атага дарыкана ачалы деп чечтиңер?
— Бакай-Атага даарыкананы ачкан себебиз 24-саат иштеген даарыкана жок.
Дарыкананы салууга канча каражат кетти?
— Бул дарыкананы салганга жакшы эле ача каражат кетти. Бул негизи жеке менчик дарыкана, мен силерге канча акча кеткенин азырынча айтпайм.

Дарыкананы салганга канча убакыт кетти?
— Дарыкананы салганга туура эки ай убакыт кетти, июндун ондорунда куруп баштап августтун жыйырмаларында ачылып иштей баштады.
Буга чейин эмнеге мурда эле ачкан эмессиңер?
— Бул убакытка чейин биздин дарыкана бар болчу, бул убакытка чейин ооруканын 2-кабатында иштеп турган болчу, анткени ал даарыкана саат 18:00гө чейин эле иштечү.
Бакай-Атада мындан башка дагы дарыканалар барбы?
— Ооба, мындан башка дарыкана 3-4 жерде бар.

Алар менен атаандаш болуп иштеп кете аласыңарбы?
— Эми биз бул дарыкананы атаандаш үчүн ачкан эмеспиз, Бакай-Ата айылында ири дарыкана жок, ошол себептен ачканбыз.
Башка дарыканалардан кандай айырмачылыңар бар?
— Биринчиден биздин дарыкана өтө чоң жана башка дарыканаларда көп дарылар жок.
Маектешкен: Тимур Молдогазиев
Сынак үчүн
Үсөн С.