Нарын районуна караштуу Куланак айылында 25-декабрь күнү волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдешти айылдын «Аккулан» жаштар уюму демөөрчү болуп уюштурду.
Волейбол оюну боюнча кыздар арасында 1-орунду «Асылзат» командасы, ал эми 2-орунду «Мектептин кыздары» командасы ээледи.
1-орунду алган»Асылзат» командасынын капитаны Назгүл Жумалиева кыздардын мелдешине катышкан командалардын аз болуп калганын айтат.
«Биздин команда 1-орунду алдык, абдан кубанып жатабыз. Бул өткөрүлгөн мелдештин бир жаман жери — кыздардан командалар аз болду. Дагы командалар болсо мындан да кызыктуу болмок. Бирок мындай оюндар болуп турса жакшы экен, үйдө бош жаткан келиндер келип ойношсо, өзүлөрүнүн ден соолугуна да пайдалуу», — деди Жумалиева.
Куланак айылынын «Аккулан» жаштар уюмунун мүчөсү Санжар Калматов мелдешти өздөрү каржылаганын айтат.
«1-орунга кыз-келиндерге 1000 сом, мырзаларга 2000 сом байге койдук жана грамоталарыбыз да бар. Оюнда балдар арысында 1-орунду Куланак айылдык 86-кесиптик лицейинин окуучулары ээлесе, 2-орунду «Куланак» командасы ээледи жана 3-орунду мектеп окуучулары ээледи. Биз жаштар уюму болуп шайланганыбызга жарым жыл болду. Буга чейин майда эле нерселерди аткарып жатканбыз, эми эле чоң-чоң иштерди аткарып атабыз. Жаңы жылга карата карыларга жардам бермекчибиз жана белектерибизди даярдап жатабыз», — деп билдирди Калматов.
Мектептин атынан мелдешке катышышкан команданын мүчөсү Рахат Маратбеков мындай деди:
«Куланак айылынын Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусумун. Биз бул «Аккулан» жаштар уюму өткөрүп жаткан мелдешке мектептин атынан катыштык жана 3-орунду алдык. Бул да болсо жакшы ийгилик биз үчүн. Мындай мелдештерге буга чейин да катышып байгелүү орундарды ээлеп келгенбиз», -деди Маратбеков.
Автор: Азима Мамбетова
Тренер: Ырысбай Адамалиев
Сынак үчүн