Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылынын столбаларына макал-лакаптар жазылган көрнөктөр орнотулду. Могол айыл өкмөт башчысынын билдиришинче, жазуулар элди ыймандуулукка чакырыш үчүн орнотулган.

Могол айыл өкмөт башчысы Эркинбек Турдукуловдун айтымында, көрнөктөрдү жаздырып орнотуу үчүн 75 миң сом каражат сарпталган.

«Биз тендерден жеңип алып бул макал-лакаптарды ушул Ооган-Талаа аймагындагы столбаларга орноттук. Бул макал-лакаптар элди ыймандуулукка чакырат», — деп билдирди Турдукулов.

Автору: Аиза Каныбекова
Редактору: Адилет канат уулу
Сынак үчүн