Талас облусунун Бакай-Ата айылдык кеңешинин депутаттары өз мандаттарына ээ болушту. Шайлоодон жалпы 21 депутат өткөн.
Бакай-Ата айылдык кеңешине жалпы 21 депутат шайланып, 11-январь күнү өз мандаттарын колдоруна алышты. Ошол эле күнү алгачкы сессиясы болуп өттү.
Бул боюнча жаңы шайланган депуттардын төрагасы Нышан Шадыбеков менен маек курдук.
Биринчиден бүгүнкү алган мандатыңыздар менен жана жергиликтүү депуттардын төрөгасы болушунуз менен куттуктайбыз! Айтсаңыз, канча депут шайланды?
https://youtu.be/KE1QfIpNjGQ
— Учурда жаңы шайланган депутаттар 21 жана төраганын орун басары болуп Мурат Жунусов шайланды.
Депутаттар кайсыл айылдардан шайланды?
— Жергиликтүү шайланган депутаттар Үч-Эмчек, Бакай-Ата жана Наматбек айылдарынан шайланды.

Төрага менен төраганын орун басары кандай жол менен добуш берди жана кимдер шайлады?
— Төрага менен төраганын орун басарын депуттар өздөрү бюллетень жана урна аркылуу шайлады. Негизи бул шайлоого эки талапкер сунушталды: мен Нышан Шадыбеков жана менин атаандашым Мурат Жунусов болду.

Шайланган депутаттар алдыдагы төрт жыл бою Бакай-Ата айлынын көйгөйлөрүн чечип, айылдын жүгүн көтөрөт деген ишеничтебиз.
Даярдаган: Тимур Молдогазиев
Сынак үчүн
НМ