Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылынын тургуну Алмаз Нуржанов бала кезинен бери жылкы багып келет. Ал бизге жылкыны кантип байлоо жана семиртүү тууралуу айтып берди.
Бала кезимнен бери жылкы багып келген Алмаз жылкыларды жакшы караарын айтат.


«Жылкыны байлап жатканда өз убактысы менен жемди, чөптү берип туруш керек. Биринчиден, эртең менен суу берем. Суу бергенден кийин он мүнөт чөптө турат. Андан кийин эки килограммдан ар бир жылкыга жем берем. Түшкүсүн сугарып, жем да берем. Ошондой эле кечкиргенче чөптө турат. Саат 17:00дө сугарып жем берем», — деп айтып берди Алмаз.

Ал жылкыларды семиртип баккандан кийин сатат.
Даярдаган: Сезим Дүйшекеева
Редактор: Гүлзада Бейшенбекова
Сынак үчүн