Базар-Коргон районуна караштуу Могол айыл өкмөтүнүн имаратынын шыбы оңдолду. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы билдирди.

Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркинбек Турдукуловдун айтымында, бул имараттын курулганына 50 жылдан ашык убакыт болгон.

«Өкмөт 1956-жылы курулган. Ушуга көп жылдар өтүп шыбы тешилип начар абалда болуп калган. Анан 2016-жылдын декабрь айында оңдолуп бүттү. Буларга 19 миңге жакын акча каражаты сарпталды. Аны өзүбүздүн айыл өкмөт тарабынан каржыладык», — деп билдирди Турдукулов.

Автору: Аиза Каныбекова
Редактору: Адилет Канат уулу
Сынак үчүн