Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылында «Компаньон» банкы ачылды. Банкты имаратын айыл тургуну өз каражатына курган.
Ооган-Талаа айылынын жашоочусу Толгонай Көчкөнбаеванын айтымында, банк имаратын куруу иштери 2015-жылы башталган. Банк 2016-жылы толугу менен бүтүп ишке кирген.

«Ушул айылдын элдери Базар-Коргонго акча алганы барып кыйналбай эле ушул банктан ала беришет деген ой-максатта курдум. Бул банкты курганыма бир миллион сомго жакын акча каражат сарпталды», — деп билдирди Көчкөнбаева.

Банкта 15 кызматкер бар. Алар беш күн иштеп эки күн эс алышат.
Автору: Темирлан Мелис уулу
Редактору: Адилет Канат уулу
Сынак үчүн