Кыргызстандын жаңы дайындалган билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева 20-январда Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинин мугалимдери менен жолугушту. Нарын өрөөнүндө суук катуу болгондуктан, мындан ары окуу улантылабы-жокпу маселеси каралды.


Министрди Нарын райондук окуу бөлүмүнүн башчысы Болот Белеков, мектептин директору Чынара Абдыкадырова жана мугалимдер жамааты тосуп алышты.
Мугалимдер Гүлмира Кудайбердиевага билим берүү жаатындагы бир канча суроолорду узатышты.

Алардын ичинен эң башкы маселе каникулдун узартылышы же окуунун башталышы туурасында болду.


Гүлмира Кудайбердиева Нарын районуна кандай максат менен келгендиги тууралуу буларга токтолду:
“Жалпыга маалым болгондой Нарын облусунун көпчүлүк аймагында окуу процесси токтотулган. Ошонун негизинде окуучулар кандай шартта билим алышаары тууралуу таанышайын деп келдим”, — деп билдирди ал.

Андан соң мектептин ишке ашкан жаңы долбоорлору менен таанышып өттү.
Жолугушуунун соңунда “Куланак” жамааттык мультимедиа борборунун жаш журналисттери тарабынан чыгарылган гезит тартуу кылынды.

Гезитти министр кубануу менен кабыл алды.

Жыйынтыктын негизинде окуу 23-январдан тарта башталмай болду.
Даярдагандар: Самара Рыскелди кызы, Айзат Түмөнбаева.