Келдибек Исмаилов Ак-Талаа районундагы Кара-Бүргөн айылынын тургуну. Сегиз жылдан бери карышкыр атып келет. Кышкысын ачка болгондо карышкыр айыл четине чейин келип, кол салары баарыбызга белгилүү.
Аңчы атып алган карышкырлардын терисин жана дарылыкка колдонулуучу органдарын муктаж болгондорго сатат.
— Карышкырдын териси сегиз миң сом. Карышкырдын терисинен ичик тигилет. Башын анын тиштерине карап баалап сатат. Тиштери жана чүкөсү бөрү жатыш деген ооруга каршы колдонулат. Чүкөсүнүн 1 даанасы 1 миң сом турат. Эгерде чүкөсүн, тырмагын жана тишин аллергия болгон адам тумар сыяктуу тагынып жүрсө аллергия кармабайт. Ал эми балдардын итий оорусу үчүн карышкырдын боору жана өтү да табылгыс дары. Ошол себептүү боору 5 миң болсо, өтү 500 сомго сатылат. Карышкырдын жалаң эти кургак учук жана бруцеллез ооруларын, майын геморойду дарылоого колдонушат.
Ата-бабаларыбыз карышкырдын тарамышын дагы пайдаланышкан. Анткени аны күчтүү молдолорго дубалатып, ууруларга колдонсо, уурулардын колу-буту тарамыштай тырышып калат дешчү.

Бирок аңчы карышкырдын кекиртегин уйдун желини чочуганда колдонуп көргөн. «Албетте карышкырды атып алуу оңой эмес. Мал-жанга кол салганда атууга туура келет. Айыл жеринде караганыбыз эле мал», — дейт ал.
Даярдаган: Г. Мамытбекова
Маалымат басылманын менчиги болп саналат жана кочурүп басууга тыюу салынат!