Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы №17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде 8-мартка карата «мектебимдин перилери» аттуу сынак өткөрүлдү. Ал сынакка 8-9-10-11-класстарынын кыздары катышып, 11-класстын окуучулары жеңишке жетишти.
Кыздар сынакка класс жетикчилер тарабынан тандалып алынып, ар бир класстан алтыдан гана кыз катышкан.
Сынактын байгесине кеткен 500 сом мектептин фондунан жумшалган.

Бул сынактын баш байгеси саат жана ардак грамота болгон.

Тарбия иштери боюнча директордун орун басаары Гүлназ Камбарали кызы төмөнкүлөрдү билдирди.
«Бул сынак эми жылына бир жолу 8-мартта болуп турат. Сынактын аталышы жылда өзгөрүп турат. Былтыр «пери 2016» деген сынак болгон. Алдыда дагы 21-мартка карата «кыргызымдын каада салттары» деген сынак болот. Дагы 9-май жеңиш күнүнө карата «парад» сынагы бар», — деди Камбарали кызы.
Сынакта жеңип чыккан 11-класстын окуучуларынын бири Алтынкыз Калдарова бул сынака бир эки жумадай даярданганын айтат. «Бул ыр бийлерди биз интернет булактарынан алганбыз. Чынында эле биз жеңебиз деп келгенбиз, анан жеңдик», — деди ал.
Бул сынак мектепте биринчи жолу болуп жатат. Сынактын тапшырмалары саламдашуу, жеке номер, кыргыз бийи, чач жасалгалоо, салат жасоо болду.
8-классынын катышуучусу Элзат Бактияр кызынын айтымында, сынакта калыстар тобу туура баалашкан.
«Бул сынак мен үчүн абдан жакшы өттү. Биринчи орунду алган класс биринчи орунга татыктуу болушту. Себеби алар мектепти аяктап жатышат, мындайча айтканда алар биздин бүтүрүүчүлөр. Биз 3-орунду алганыбызга, албетте, тарынбайбыз. Себеби биз 3-орунга татыктуубуз деп ойлойм», — деди Элзат.
Автору: Тимурлан Мелис уулу
Редактору: Адилет Канат уулу
Сынак үчүн