Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылында 7-мартта “Ак кептер” медиаборборунун ыктыярчылары тарткан “Бойдоктор” аттуу даректүү тасманын презентациясы болду. Бул фильмде айыл жаштарынын көйгөйлөрүнүн бири тууралуу кеп болду.
Бул даректүү тасманы тартуу үчүн “Ак кептердин” ыктыярчылары кичи грант утуп алышкан. Медиаборбордун кабарчысы Азирет Туратбеков баш болгон ыктыярчылар кинону тартышып, Бишкекте жайгашкан «Клооп медиа» коомдук фондуна барып, монтаждап, айылдын тургундарына тартуулашты.

Фильмдин презентациясына айыл тургундары чакырылып, тасманы көрүшүп, ыраазычылыгын билдиришти.
Мындан ары дагы айылыбыздын көйгөйлөрү, жетишкендиктери тууралуу “Ак кептерден” айтып, көрсөтүп берүүсүн өз сөздөрүндө айтышты.

«Бүгүнкү документалдык фильм абдан жакшы болду. Эми ушуну таштабай алдыга жылдырып, мектептеги окуучуларды үйрөт. Өзүңдүн билимиңди жашырбай, элге чыгарып, чоңойгонго аракет кыл. Сени менен биз сыймыктанабыз!» — деди Кара-Суу айылынын тургуну Жийде Токтогулова кабарчыларга.

«Ушугул айылда төрөлгөм, ушул жерден турмушка чыккам. Жаш балдарда азыр акыл бар. Киноңор жакшы болуптур. Ушу балдарга үйрөткүлө. Эми жаш балдар өнгүлө-өскүлө», — деди айылдын дагы бир тургуну Гүлжамал Мукаматова.
Даярдаган: Элзат Джумабаев
Тренер: Азирет Туратбеков
Сынак үчүн