Жайнакова Жылдыз Курсановна Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылындагы С. Абдылдаева атындагы орто мектебинин ардактуу мугалими.
1999-жылдан бери ушул мектепте иштеп келе жатат. Жылдыз Курсановна ѳрнѳктүү эмгек жолунда ѳзүн мыкты мугалим, мыкты насаатчы катары кѳрсѳтүп келет. Эжейдин ар дайым жүзүнѳн жылмаюу кѳрсѳк болот. Биз келе жаткан 8-март аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктап кээ бир суроолорго жооп алдык.
Жылдыз Курсановна да баардык аялзаты сыяктуу ушул күндѳрү дегеле жашоодо да гүлдү белекке алганды , үйдѳ да, короого да гүлдү ѳстүргѳндү абдан жакшы кѳрѳт. Мектепте уюштурулган ар кандай кече сынактар эжейдин катышуусу менен ѳтѳт. Бош убактысында ѳз кесибин ѳркүндѳтүүгѳ китеп окуп ѳткѳрѳт
Жаз майрамыныз менен, урматтуу Жылдыз Курсановна!
Даярдаган: Болжурова Чолпон