Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылында “Шайыр апалар” таймашы болуп өттү. Бул таймаш 8-март эл аралык айымдар күнүнө арналып, ага айылдагы апалар катышты.
Чоң-Тогузбай айылында жайгашкан Кубанычбек Мамытов атындагы мектебинде эмгектенген мугалимдер Жаңыл Сооронбаева менен Назгүл Итебаева уюштурган сынакка 2 жана 3-классстын окуучуларынын ата-энелери катышты. Алар “Алай ханышасы” жана «Аруузат» топторуна бөлүнүп алып, ыр, бий, оюн зоок жана башка тапшырмалар боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Таймашта “Аруузат” тобу жеңишке жетти. Бул топтун мүчөсү Кызжибек Молдакматова сынак аркылуу каада-салттарды көрүүчүлөргө, жаштарга сабак катары калтырдык деген ойдо.
“Апалар ушундай оюндарга көп катышып турсун. Каада-салт жактарынан, үрп адаттарын унутуп келе жатышат, ошолорго чоң таасирибизди тийгиздик. Биз жеңебиз деген ойдо эмес элек, бирок жеңишке ээ болдук. Биздин топтун мүчөлөрү таланттуу болгон үчүн кыйынчылык деле болгон жок. Биз төрт күндүн ичинде зор нерсеге жеттиштик. Каражат 391 сом кетти, бирок демөөрчүлөр көп жерин каржылап берди”, — деп айтып берди Молдакматова.

“Алай ханышасы” тобунун мүчөсү Айымкүл Аламанова таймаштын уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдирди.
“Буга кызыккан кишилер арбын болду. Айыл элдеринин көбү келди. Мындай таймаш айылда биринчи ирет өткөрүлүп жатат. Менин оюмча, көрүүчүлөргө чоң таасирин тийгизди”, — деп билдирди Аламанова.

Калыстар тобунун мүчөсү айыл тургуну Рыскүл Седиева бул таймашта эки топ тең жигердүү катышты деп билдирди.

“Бул таймашта эки топ тең мыкты даярдык менен келишкен. Мен бул жерге көрүү үчүн келсем ата-энелерден дагы калыс болуумду суранышты. Менин 2-3-класста окуган балам жок болгондуктан калыс болдум. Туура калыстык менен чечилди деп ойлойм. Биринчи орунду «Аруузат» тобу багындырды, экинчини «Алай ханышасы» тобу алды. Жеңүүчүлөр грамота менен сыйланды”, — деди калыстар тобунун мүчөсү Седиева.
Даярдаган: Муратбек кызы Нуриза, Бекенова Нурзада
Редактор: Жангабылов Салават
Сынак үчүн