Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылында 14 жаштагы Адилет Канат уулу гезиттен тарелка жасады. Бул анын гезиттен жасаган алгачкы эмгеги.
Бул тарелканы жасаш үчүн Адилетке 3-4 саат жана он гезит керектелген. Ал күндөлүк турмуштагы эле колдонгон гезиттерди алган. Тарелканы жасаш үчүн гезит, айымдар колдонгон тырмак боёгу, кагаз желими, ручканын запасы жана ошондой эле маркер керектелет.
Тарелканы жасаган Адилет Канат уулу:
— Мен бул гезиттен жасалган тарелканы бир жолу телевизордон көргөм. Анан жакында мен дагы жасагым келип интернет булактарынан издеп табып анан мен дагы жасадым. Муну жасаш үчүн эч кандай каражат кеткен жок. Себеби бул буюмдар үйдөгү эле буюмдар. Муну жасаганымдын себеби жөн гана өзүмдүн өнөрүмдү текшерип көрдүм. Мен бул тарелканы күндөлүк турмушта эле колдоном. Муну белеке берсе да болот. Эми мен алдыда гезиттен чакан гана сандыкчаларды жасайын деп турам.
Автору: Тимурлан Мелис уулу
Редактору Адилет Канат уулу
Сынак үчүн