Жакын арада 16 жашка чейинки курактагы 160 миңден 570 миңге чейин балдар COVID-19 пандемиясынан улам жакырчылыкка дуушар болушу мүмкүн. Мындай жыйынтык, COVID-19дун балдар жакырчылыгына таасир этишине жүргүзүлгөн талдоодо белгилүү болду.
Жакырчылык — керектөөчү товарлардын баасынын өсүшү жана эмгек кирешелеринин, акчалай которуулардын азайышынын негизинде келип чыккан экономикалык шокко байланыштуу болот. Мындай изилдөө ЮНИСЕФ жана Дүйнөлүк банк тарабынан жүргүзүлгөн. Ага ылайык, жакырчылыктын масштабдары эң оптимисттик баалоолорго кыйла өсөт.
Изилдөөлөр социалдык жардам боюнча иштеп жаткан программаларды кеңейтүү , COVID-19дан улам пайда болгон экономикалык кризистин жагымсыз кесепеттерин жумшартууга жардам бере ала тургандыгын белгилейт. Социалдык коргоо программаларынын ичинде, жакырчылыкта жашаган балдарга арналган үй бүлөгө жөлөкпул жана жаңы жакыр адамдарды көбүрөөк камтый турган потенциалы бар программа катары каралып жатат.
Көптөгөн үй-бүлөлөр кризистин айынан өзүнүн кирешесинин бөлүгүн жоготуп жаткандыктан социалдык жардамга болгон суроо-талап көбөйө тургандыгы күтүлүп жаткан учурда, аялуу абалда турган көп сандаган балдарга жөлөк пул алуу мүмкүнчүлүгүнө тоскоол боло турган эки негизги маселе изилдөөнүн жүрүшүндө аныкталды.
Бул чыпкалар бир үй-бүлө мүчөсүнө 4төн ашык баш малы бар же COVID-19 пандемиясына чейин менчик айыл чарба техникасы/күч унаасы, автоунаасы, жүк ташуучу унаасы же микроавтобусу барларды чыгарып салат.
Ушул өндүрүштүк активдерди сактап калыш үчүн, алар кирешенин олуттуу жоготууларына дуушар болуп турган учурда бул үй-бүлөлөрдү колдоо зарыл. Кризис учурунда мындай үй-бүлөлөрдү колдоонун жоктугу кыйынчылыктарды жеңүүнүн тескери стратегияларына алып келиши мүмкүн, үй-бүлөлөр жоготуп алган кирешелеринин ордун толтуруу үчүн өздөрүнүн активдерин сатышат.
Бул үй-чарбаларынын узак убакытта өзүн өзү камсыздоосу үчүн кыйратуучу кесепеттерге алып келет жана келечекте социалдык жардамга муктаж болгондордун санынын көбөйүүсүнө алып келиши ыктымал.
«Балдарды алардын өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон оор ажыратуулардан коргоо үчүн социалдык коргоо эң мыкты кийлигишүү болгондугу далил. Ошондуктан мен өкмөттү жакыр үй-бүлөлөрдүн, балдардын жөлөкпулдарына жеткиликтүүлүгүн чектей турган айрым тоскоолдуктарды жоюуга жана ылайыктуулук чегин жакырчылыктын чегинин деңгээлине чейин көбөйтүү тууралуу маселени кароого чакырат элем. Мындай чараларды пайдалануу менен биз, бир дагы бала ушул олуттуу кризистин учурунда көз жаздымда калбай тургандай кыла алабыз, анткени ал башкаларга караганда балдарга көбүрөөк таасирин тийгизип жатат»,- дейт ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлү Кристин Жольм.
«COVID-19 пандемиясы жана анын экономикалык кесепеттери өнүгүү жаатындагы прогресстин чоң бөлүгүн артка тартуу жана Кыргыз Республикасындагы миңдеген адамдарды жакырчылыкка дуушар кылуу коркунучуна алып келүүдө»,-дейт Кыргызстан боюнча Дүйнөлүк Банктын башчысы Навид Хасан Накви.
Калктын балалуу үй-бүлөлөрдө жашаган 90%дан көп бөлүгү жакырчылыкка дуушар болушу күтүлүп жатканда, учурдагы кризис социалдык коргоо системасын чыңдоого жана Улуттук Социалдык өнүктүрүү стратегиясын кайра карап чыгууга мүмкүнчүлүк бериши мүмкүн.
Мектепте covid-19дан коргонуу чаралары кандай?
Куланак: Айылды жакырчылыктан чыгаруу
Касиет Кубанычбек кызы