Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы кесиптик окуу жайда, жашылча- жемиш өстүрүү үчүн, зыянкеч ооруларга каршы биолаборатория курулууда. Биолабораторияны куруу ишин, кесиптик лицейдин жамааты колго алышты. Алар Органикалык кыймыл департаментинин биолабоаторияларын көрүп, керектүү маалыматтарды алып турушат.
Аталган кесиптик лицейде 3 жылдан бери жашылча-жемиштердин (помидор, болгар калемпири) жергиликтуу үрөндөрүн өстүрүү максатында иш уланып келет. Былтыркы жылдан баштап капуста, сабиз үрөөндөрүн кошуп өстүрө башташкан.

№43 Кесиптик лицейде органикалык таза, жер жемиштерди өстүрүшөт. Ал үчүн жергиликтүү айылдык дыйкандардан таза үрөондүн уруктарын чогултушкан.
Бүгүнкү маекте окуу жайдын “Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты кесибинин ” мугалими Өмүрбек Орозобеков төмөнкүчө айтып берди:
Өмүрбек Орозобек уулу №43 кесиптик лицейде көп жылдан бери эмгектенет. Өзүнүн кесиби «Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты» болгону менен өзүнө тиешелүү курулуш иштерин өзү эле бүтүрүп алат.
“Биздин кесиптик лицей жашылча жемиштин жергиликтүү үрөндөрүн чогултуп өстүрүүдөбүз. Жашылча -жемиш өстүрүүдө (органикалык) зыянкечтер, оорулар менен күрөшүүдө ар кандай кыйынчылыктар жаралууда. Элдик ыкмаларды колдонгонубуз менен бирок таасири аз болууда.
Ошол себептен быйыл оорулар жана зыянкечтер менен күрөшүү максатында биолаборатория куруп жатабыз.

Мугалим мастерлердин иш аракети менен ушундай бөлмөлөрдү бири-бирине кошуп лаборатория кылышты
Ал үчүн биз Органикалык кыймыл департаментинин биолабораторияларын көрүп, керектүү маалыматтарды, кенештерди алып ишибизди баштадык.

Биолабораториянын даяр болуп калган учуру.
Биз алгач бөлмө кичинекей болгондуктан ортодогу бөлүнгөн дубалды көчүрүп алып таштоого туура келди. Бөлмөлөрдүн чатыры бийик болгондуктан аны ылдый түшүрүп жылууладык. Азыркы учурда дубалдар пластик менен жабылууда».
Турсун Омуралиева