Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында капуста өстүргөн дыйкандар чыгым тартууда. Быйылкы жылы коңшу өлкөлөрдөн капуста алуучу кардарлар аз келишкендиктен, капустанын баасы өткөн жылга салыштырмалуу өтө эле арзан болду. Бирок капустаны пайдалуу баада сатууга мүмкүн болгон жок. Ушул убакка чейин сатылбай калган капусталар таштанды полигонуна тонналап төгүлүүдө.

Жаңы-Жер таштанды полигонуна күн сайын капусталар төгүлүүдө

Жаңы-Жер айыл аймагында дыйканчылык кылган Калмурат Фархудинов айтымында, учурда жыйнаган капустасын арзан болсо да сатып жетишкенге үлгүргөн:

Калмурат Фархидинов; Капуста айдаган чыгашамды араң жаптым дейт
“Мен быйыл 1 гектарга капуста эккенмин. Жер иштетүүгө 150000 сомдой чыгым кетиргенмин. Быйыл капустанын баасы чыккан жок. Дыйкандар пайда алышы үчүн капустасын убагында баасын чыгарып сатыш керек. Мен арзан болсо да сатып капустамдын чыгашасын эптеп чыгарганга аракет кылдым. Быйылкы жылы дыйкандар капустасын 2 сомго баалап өткөрө албай калышты. Бул баа капуста өстүргөнгө кеткен чыгымды жаппайт. Азыр өзүн актабайт», — деди ал.
Эгер абал оңолбосо кийинки жылы капуста айдабайм деген ойдо экенин айтты.
Жергиликтүү кеңештин депутаты Жаныбек Казаков төмөнкүчө оюн билдирди:

Жаныбек Казаков; Айылдык кеңештин депутаты
“Биздин айылда дыйкандар көп жылдан бери капуста эгип, түшүмүн да мол жыйнап келет. Бирок көпчүлүк учурда айылдаштар алган түшүмүн пайдалуу баада саталбай калышат. Быйыл капустанын баа болбогону дыйкандарга бир топ мүчүлүштүктөрдү алып келди. Жер иштетүү үчүн күйүүчү май, капустанын үрөнүн сатып алуу, жумушчулардын эмгек акысын берүү да дыйкандар үчүн чыгаша. Дыйкандар колдо болгон сорттун, болгон үрөнүн айдап, аягында мээнети акталбай калып жатат.
Түшүмдү ыңгайлуу баада сатуу жана сактоо маселелери чечилбегени менен биздин Жаңы-Жер айылынын дыйкандары капуста өстүрүүнү уланта беришет.”

Жаңы-Жер айыл аймагындагы таштанды полигону


Чириген капусталар талааларда дагы көп калган.

Жаңы-Жер айыл аймагындагы таштанды полигону
Турсун Омуралиева, Рамиль Кеңешов, Нурай Ибраева