
К.А. Исмаилов Сүлүктү шаардык Кеңешинин төрагасы
“Урматуу Сүлүктү шаарынын тургундары! Ардактуу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана тылда эмгектенгендер! Согуш жылдары экинчи фронт деп аталган көмүр кенинде эмгектенген шахтерлор! Бардыгыңыздарды Улуу Жеңиш майрамынын 76-жылдыгы менен өзүмдүн атынан жана Сүлүктү шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан чын жүрөктөн куттуктайм!
9-Май — Улуу жеңиш майрамы. Бул күнү фашисттик Германия толук талкаланып, Совет эли анын ичинен Кыргызстандыктар Улуу жеништин даамын таткан.
Бул женишке жетүүдө Сүлүктүнүн элинин салымы зор болгондугун карт тарых далилдеп турат.

Сүлүктүлүк шахтерлор.
Ардактуу ардагерлер жана тылда эмгектенгендер, экинчи фронт деп аталган Сүлүктү көмүр кенинде эмгектендер!
Сиздердин улуу эрдигиңиздердин аркасы менен биз ачык асман алдында, бейпил заманда жашап жатканыбызга 76 жыл болду. Сиздер кан майданда өлүмгө тик карап, Жеңиш менен кайттыңыздар. Оорукта күн-түн дебей эмгектендиңиздер. Сүлүктү көмүр кенин Орто Азиянын кочегары деген сыймыктуу атка кондурдуңуздар! Дүйнөлүк тарыхтагы эң катаал согушта адамзатты фашизмдей кара тумоодон сактап калдыңыздар. Бизге жашоодогу эң баалуу белекти – бейпилдикте жашап, балдарды өстүрүү бактысын тартууладыңыздар. Эркин жашоого, жакшы турмушка жол ачтыңыздар.
Урматтуу Сүлүктү шаарынын тургундары!
Улуу Жеңиш биринчи кезекте көп улуттуу элибиздин биримдигинин жана ынтымагынын аркасында камсыз болгонун эч качан эстен чыгарбайлы. Достугубузду, эл ынтымагын арттыралы. Ынтымак, тынчтык жана туруктуулук эгемендүү Кыргызстандын жаркын келечегин камсыз кылууда эң негизги шарттардын бири экендигин унутпайлы. Даңктуу тарыхыбызды урматтайлы. Улуу муундун өлбөс-өчпөс эрдигин эч качан эстен чыгарбай, алардын жолун татыктуу уланталы. Ардактуу ардагерлерибизди камкордукка алып, алардын татыктуу жашоосу үчүн бардык шарттарды түзөлү.
Бардыгыңыздарга чың ден-соолук, узак өмүр жана бакубат турмуш каалайм! Кыргызстаныбыз, Сүлүктү шаарынын эли тынчтыкта жана биримдикте гүлдөп өнүгө берсин!
Терен Урматтоо менен, Депутаттардын Сүлүктү шаардык Кенешинин төрагасы Каныбек Исмаилов