Ат-Башыда Мындан 76 жыл мурун Улуу Ата-Мекендик согушка катышып, эл-жер үчүн жанын берген маркум жоокерлерди эскерүү иш чарасы болуп өттү.
Согушта курман болгондорду эскерүү иш чарасынан
Бул иш чарага Ат-Башы районунун жетекчилери, күч түзүмдөрү, маданият кызматкерлери катышып, согуштан курман болгондорго арналган гүлчамбар коюлуп, аларга багышталып куран окулду.
Курман болгондорго куран окутулуп, гүлчамбар коюлду
Быйылкы жылы бул жеңиш күнүн өзгөчө белгилөө пландалган. Бирок, пандемияга байланыштуу өкмөт тараптан чоң иш чараларды уюштурууга тыюу салынгандыгына байланаштуу чакан эскерүү гана өткөрүлдү.
Пандемияга байланыштуу чоң иш чара уюштурулган эмес
Ардагерлерди Жеңиш майрамы менен куттукташты
Асель Уркунбаева