7-майда Ат-Башы районунун акими жанан орун басарлары райондогу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттукташты.
Райондун ардактуу ардагерлери Турдаалы Мадиев, Тапа Керимкулов, Сатынды Жапаровдун үйүнө барып ал-абалын сурап, жеңиш майрамы менен куттуктап, чакан майрамдык белектерин тапшырышты.
Район жетекчилер, ардагерлерге бекем ден-соолук каалап, бул жылы өтүлө турчу салтанаттуу маданий иш-чара өтүлбөй калганын түшүндүрүп, Улуу Жеңиш үчүн ыраазычылык билдирип өтүштү.
Белгилей кетсек, былтыр 2020-жылы аталган ардагерлерибизге Кыргыз Респуликасынын Президентинин атайын куттуктоо баракчасын берип, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын 75 жылдык юбилейлик медалдары үйлөрүнө барып тапшырган.
Согуш жана тылдын ардагерлери ар дайым урмат жана сыйга татыктуу…
Асель Уркунбаева