Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айылы тууралуу сүрөтбаянды сунуштайбыз.

Ак-Кыя айыл аймагы Кочкор районунда жайгашкан. Анда 2 айыл бар. Кара-Суу жана Жаңы-Жол айылдары

Кара-Суу айыл аймагында 3350 гө жакын адам жашайт

Кара- Суу айылында жалпы 11 көчө жана 620 га жакын түтүн бар

Шапак Рысмендеев атындагы орто мектеби 2002-жылы салынган. Учурда 650 окуучу билим алууда

Мектеп жамааты тарабынан этно парк уюштурулган

Этно парктын ичинде тарыхый балбал таштар жана мурунку заманга таандык эски буюмдар жайгаштырылган

Мектептин бакчасында алма, алмурут, өрүк, кара өрүк жана карагат өсөт. Учурда алма бактардын гүлдөп жаткан учуру

Мектептин айланасында гүлдөр отургузулган. Петунья, сирень гүлдөрү май айында гүлдөп жатышат

Мектеп окуучулары үчүн курулган кичи футбол аянтчасына балдар күнүгө футбол ойношот

Кара -Суу айылындагы №9 «Ийгилик» бала бакчасы бар. Бакчага 50 дөн ашык бала барат

Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн мекемеси

Абды Атаев атындагы маданият үйүндө майрамдык концерттер өтүлөт, кино көрсотүлөт, окуучулардын майрамдык иш-чаралары өткорүлүп турат

1941-1945 жылдар арасында болуп өткөн кандуу согушта курман болгон баатырларды эскерүү үчүн тургузулган эстеликтер

Кара-Суу айылдык Үрүнчиев Сыдык атындагы фельдшердик-акушердик пункт. Айыл тургундары ФАПка ден-соолугун чыңдоо үчүн келип турушат. 1 дарыгер, 4 медайым эмгектенет.

Кара-Суу айылынын мечити. Айт намаз учуру

Айыл тургундары негизинен арпа, буудай, картошка жана тоют чөптөрүн айдашат. Негизги киреше бөлүгү дыйканчылык жана мал чарбачылык

Айыл тургундарынын дагы бир киреше бөлүгү сүт иштетүү
Азима Шакирова, Айжаркын Эркинбек кызы