Казан-Куйган айыл аймагында учурда эпидемиологиялык абал туруктуу болууда. Азырынча коронавирус жуктуруп алгандар жок болгондуктан, мектептерде окуу процесси токтотулган жок.
Пандемия учурунда айылдагы абалды көзөмөлдөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Комиссия мүчөлөрүндө айылдагы борбордук оорукананын дарыгери Эсенгулов Замирбек, медайым Акматова Гүлжан, айыл өкмөт мүчөлөрүнөн Кадыркулов Кубан жана Узакбаева Айдай, участкалык милиция кызматкери Басылбеков Тариель, айылдагы аялдар кеңешинен депутат Токтакунова Бүбүсайра иш алып барып жатышты.
Пандемия учурунда комиссиянын мүчөлөрү айыл элинин коопсуздугун сактоо максатында айылга атайын блокпостторду уюштурушкан. Анда айылга кирген жана чыккан адамдарды каттоого алып, башка жактан келген адамдарды 14 күндүк карантинге жиберип жатышты, ал эми автоунааларды да дезинфекциялоо иштери болуп жатты. Дезинфекция жүргүзүүдө атайын каражаттарды айыл өкмөт тарабы камсыз кылып турган.
Дүкөндөрдө режимдердин сакталуусу
Азыркы учурдагы айылдагы абал тууралуу жергиликтүү кеңештин депутаты Бүбүсайра Токтакунова төмөндөгүдөй билдирди:
Бүбүсайра Токтакунова
“Азыр айылда абал туруктуу, Ковид- 19 вирусуна чалдыккандар катталган жок. Комиссия мүчөсү медайым Акматова Гүлжан тарабынан айыл тургундарына вирустан коргонуу, алдын- алуу боюнча сабактар өтүлүп турат. Айыл эли санитардык-гигиеналык режимдерди туура сактоо менен чарба иштерин улантууда. Ал эми айылдагы дүкөндөрдө да режимдердин так, туура сакталуусун көзөмөлдөп турабыз. Жерибизде абал туруктуу болгондуктан, ата-энелердин сунушу менен мектеп ачылып, окуучулар кадимкидей эле мектепке барып, окуп жатышат. Алардын да коопсуздугун көзөмөлдөп турабыз, мектепке ар бир окуучу эки маска жана антисептик менен келүүсү шарт. Мындан сырткары, мектепте да ар бир кабинетте санитардык бурчтар уюшулган”.
Акылай Алмазбекова