Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагында 2021-жылга карата коронавирус оорусу менен катталгандар жок. №9 үй-бүлѳлүк дарыгерлер тобунда абал туруктуу, айылдык ФАПтар керектүү дары-дармек, аппараттар менен камсыз кылынган.
№9 үй-бүлѳлүк дарыгерлер тобунун дарыгер-эпидемиологу Динара Капар кызынын айтымында быйылкы жылга карата коронавирус менен катталгандар жок. Ал эми пневмония болгондор экөө:

Динара Капар кызы
«Быйыл былтыркыга караганда абал жакшы. Пневмония болгондордун саны экөө, экөө тең аял. Алар мурда да ооруп айыккандар. Азыркы учурда аблдары жакшы, 10 күндөй дарыланып чыгышты.
Эл азыркы учурда түшүнүп, билип калды. Баарыбыз тазалыкты, гигиенаны сактап, эрежелерге көңүл бурсак эле баары жакшы болот деп ойлойм»-дейт дарыгер-эпидемиологу Динара Капар кызы.
Аймончок Кожонова