Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн жайыт жерлери деградацияга учуроодо. Адистер жайыттардын кайра калыбына келиши үчүн көп убакыт керек дешет. Бирок жайыт пайдалуунчулардын кайдыгер мамилеси абалды начарлатууда.
Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Мирлан Кыдырбаев жайыт маселесин мамлекеттик деңгээлде кароо керек дейт:

Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы- Мирлан Кыдырбаев
«Азыркы учурда жалпы жонунан айтканда Кыргызстан боюнча абал ушундай. Жердин баары такырланган. Малдын сапатына эмес санына карап багып жатабыз. Ошондуктан Кыргызстандын бардык жайыттары такырлануу абалында. Анын ичинен Ак-Кыя айыл өкмөтүндө узак мөөнөткө пайдаланууга алган жайыттан тышкары ички жайыттын баары такырланууга учураган.
Туура пайдаланбагандыктан жайыттар деградацияга учуроодо. Жаздоо, күздөө, кыштоо дегенди туура пайдаланбайбыз. Буга айыл чарба министрлиги киришиши керек. 30 жылдан бери бул маселе калып кеткен. Өздөрү бул маселени чече албагандыктан 2009-жылдан бери жайыт пайдалануучулар бирикмесине берип коюшкан.
Жайытка адамдардын көз карашы өтө төмөн. Жайыт пайдалануучулар деги эле бардык адамдар жайытка начар мамиле кылышат. Жер которуштуруу, эс алдырып пайдалануу деген нерсе жок.
Жайыт жерлерине зыян келтиргендерге азырынча эч кандай чара көрүлбөйт. Мамлекет тарабынан деле, айыл өкмөт тарабынан деле эч кандай чара көрүлгөн эмес.

Жайытты туура пайдаланбагандын кесепети
Бизде негизинен жайыттарды которуштуруу планы каралган. Ар бир жыл сайын башка-башка жерлерге которуштуруу бар. Мындайча айтканда бир барган жеринен жок дегенде 1-2 кмге жер которуп туруу керек. Мисалга 3 жылдан бери Көл-Үкөк жайлоосу корукка алынган. Азыр Көл-Үкөк жайлоосу эң жакшы абалга келип калды.
Негизи жайыттарды узак мөөнөткө пайдаланууну жоюш керек. Ак-Кыя айыл өкмөтүнө деги эле Кыргызстан боюнча айыл өкмөттөргө өзүнүн административдик территориясын бериш керек. Себеби, биз башка район, облустарга көп жылдык мөөнөткө жайыт жер беребиз. Алар ыраатсыз пайдалангандыктан деградацияга алып келүүдө. Жайыт жерлеринин деградацияга учурашынын бирден бир себептери болуп саналат», -деп жооп берди жайыт комитети.
Акылбек Исмаилов жайыт пайдалануучу. Ал жайыттардын абалы күндөн-күнгө начарлап бараткандыгын белгилеп айтты:
“Мурун союз учурунда чөптөрдүн уруктарын сактап калуу үчүн атайын 40-60 жылга чейин бөлүнүп берилген жайыттарга чыкчыбыз. Азыр эгемендүүлүктү алгандан бери бир эле жайытка чыгып жайыт жерлер такырланууда. Чабандар чөптөрдүн уруктары бышып, жерге түшүп, чөп жакшы чыгышы үчүн башка жайлоодогу жайыттарды жайлашы зарыл. Бат-бат орун которуп, малды туура жерлерге жайып короосун жылда башка жерге салып турса, чөптөр көп кыйрабай, жерлер аз такырайат беле дейм”.
Кара-Суу айылынын тургуну Болот Устаев жайыт маселелерин жакшы билет. Анткени ал мурунку жайыт комитетинин төрагасы болгон. Ал жайыттар боюнча көйгөйлөрдү кеңири айтып берди:

Жайыт пайдалануучу Кара-Суу айылынын тургуну-Болот Устаев
«Азыркы учурда жайыт жерлеринин абалы өтө кооптуу. Себеби биздин Ак-Кыя айыл өкмөтүнө тиешелүү жайыт жерлеринин көпчүлүк бөлүгүн узак мөөнөткө пайдаланабыз. Ошондуктан узак мөөнөткө пайдаланган жерлердин баары кайсыл бир айыл аймактардан же кайсыл бир райондордон алган жерлер союз тараган жылдардан кийин малдын саны азайып кеткендиктен жергиликтүү элдер жайыт жерлерин ээлеп алышкан. 2012-13- жылдардан бери элдерде малдын саны көбөйүп,алыскы жайыттарга чыгууга аракет кылып жатабыз. Учурда жайыт жерлеринин абалы өтө эле оор. Себеби, союз мезгили тарагандан кийин жайыттарды которуштуруп пайдалануу деген жүрбөй калган. Көп жылдар бою жайыт жерлери каралбай калган. Ошол себептен бардык жайыт жерлери деградацияга учурап такырлануу абалына келип калган.
Жайыт жерлерди сактап калуу үчүн малчыларга чара көрүлгөн бир гана нерсеси, ошол жердин сыйымдуулугун, жайыт жерлердин аянттын ченеп, мал багуучуга же чабанга малдын санына чектөө киргизип гана жайыт жерин сактап калуу болбосо башка жол менен жайыт жерин сактап калууга болбойт же которуштуруп жайлаш керек.
Деградация болбошу үчүн жогорудагыдай эле ыраатуу пайдаланышы керек, чабандын малына чектөө киргизип, которуштуруп пайдаланыш керек. Ошондо жайыт жерлери көп деградацияга учурабайт.
Жайыт комитетинин жайыттарды узак мөөнөткө берүүгө каршы болгондугу туура. Себеби, ошол узак мөөнөткө берилген жерлер так болбогондуктан азыркы убакта район аралык, облус аралык чоң көйгөйгө айланды. Кайсы бир бай манаптардын же болбосо бийлик өкүлдөрүнүн кызыкчылыгына гана көптөгөн жайыт жерлер пайдаланылып жатат”, -дейт жайыт пайдалануучу.
Таңсулуу Бактыбек кызы Нагима Муратбекова