2021-жылдын 20-21-май күндөрү Баткен мамлекеттик университетинин Сүлүктүдөгү педагогикалык окуу жайында “Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттыруу ыкмалары”- деген тема боюнча Ханнс Зайдель фондунун колдоосу менен чакан тренинг уюштурулду.
Кыргыз Республикасына Эмгек сиңиргер мугалим, педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминовдун “Акыл эмгегинин маданияты” жана “Устаттык Өнөрү” китептеринин негизинде даярдалган, практикалык материалдардын негизинде өтүлдү.

Чакан топторго бөлүнүп көндүмдөрдү иштөө учуру

Микротренингдин эң активдүү катышуучулары
“Тренингди Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы башкаруу Академиясынын магистранты, Ханнс Зайдель фондунун стипендианты Бакытбек Сапаркулов агай өтүп берди. Менин көз карашым боюнча, тренинг учурунда “Устаттык Өнөрү” жана “Акыл эмгегинин маданияты” китептериндеги маалыматтар синтезделип, жаш педагогдор үчүн жеткиликтүү болуп иштелип чыккан. Мага өзгөчө АЖППОК (адам, жаратылыш, предмет, проблема, окуя, кубулуш) системасы, негизин бөлүп алып, таблицага салып анан ошол боюнча логикалык жыйынтык чыгаруу ыкмасы жана китеп текстин стили боюнча окуп түшүнүү ыкмасы катуу таасир калтырды. Учурдан пайдаланып, автор Г.Мадаминовго, тренер Б.Сапаркуловго жана колдоо көрсөткөн Ханнс Зайдель Фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө ыраазычылык билдиремин”- дейт Баткен мамлекеттик университетинин Сүлүктүдөгү педагогикалык окуу жайынын директору Райхан Мадаминова.
Сүлүктүдөгү педагогикалык колледждин директору Р.Мадаминова
“Чакан тренингде “Билимдерди кайталоонун мааниси”-деген тема мага өзгөчө жакты, бир жагынан бул тема бардык предметтерди окууда колдонулат экен, экинчиден көндүмдөрү оңой, жөнөкөй жана студенттер үчүн кызыктуу да болот экен. Буюрса педагогикалык ишмердүүлүгумдө “Акыл эмгегинин маданияты” жана “Устаттык Өнөрү” китептерин негиз кылып аламын деп максат койдум”- дейт Сүлүктүдөгү педагогикалык окуу жайынын окутуучусу, шаардык Кеңештин депутаты Гульзина Сапарова.

Сүлүктүдөгү педагогикалык колледждин окутуучулары
“Мен буга чейин да Лейлек районундагы Гапыр Мадаминовдун №3-гимназиясына атайын барып, тажрыйба үйрөнүп келгем, бул тренингде да пайдалуу маалыматтарды алдым, өзүм англис тилчи болгондугумдан улам болсо керек, тренингде мага терминдер, түшүнүктөр менен иштөө дегени өзгөчө пайдалуу болду, практикалык иш учурунда өзүм да көндүмдөрдү аткарып көрүп, натыйжасын билдим”-дейт Сүлүктү шаарындагы балдар чыгармачылык борборунун мугалими Айхан Абдурахманова.

Балдар чыгармачылык борборунун англис тили мугалими А. Абдурахманова
Микротренингдин катышуучулары
Топтор менен көндүмдөрдү аткаруу учуру

Тренер- Бакытбек Сапаркулов Ханнс Зайдель фондунун стипендианты
Барчынай АЛИМОВА