2021-жылдын 24-май күнүнө карата берилген маалыматка ылайык, Баткен облусунун Сүлүктү шаарында COVID-19 пандемиясына байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Жума намаздарынын окулуусу убактылуу токтотулду, мааракелерди өткөрүүдө да чектөөлөр киргизилди.
Бул боюнча Сүлүктү шаарындагы оорулардын алдын- алуу жана санитардык- эпидемиологиялык борборунун башчысы, Сүлүктү шаарынын башкы санитардык врачы Мусуратилла Искановдон маалымат алдык.
“2021-жылдын башынан май айына чейин Сүлүктү шаары боюнча COVID-19 менен ооруган бир да учур катталган жок эле, өкүнүчтүү жери 2021-жылдын май айында 2 жаран катталды, экөө тең мектеп окуучусу, бир үй-бүлөнүн балдары.
Сүлүктү шаарындагы №3-орто мектептин окуучулары. Ушул окуяга байланыштуу вирус жуктургандар менен тыгыз байланышта болгон 25 жарандан анализ алып вирусологиялык лабораториядан текшерттик, анализдери таза чыкты. Мектептин имаратына толугу менен дезинфекция иштерин жасадык, мектеп жамаатына, окуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
COVID-19 менен ооруган окуучулардын экөөнүн тең абалы канааттандырарлык, учурда үй шартында онлайн форматта окууларын улантып жатышат. Шартка байланыштуу коопсуздук чараларын күчөтүү максатында мектептерде, коомдук транспорттордо жана мечиттерде санитардык талаптардын аткарылуусун катуу көзөмөлгө алдык. Мечиттерде жума намазынын окулуусу да убактылуу токтотулду”,- деп маалымат берди башкы санитардык врач Мусуратилла Исканов.
Бакытбек Сапаркулов