Айылдагы жеке ишкерлер Ковид 19- пандемиясына карабастан бизнести өнүктүрүү максатында ар тараптуу долбоорлор менен иштешип келишет. Оттук айылынын тургуну Насирдинова Сүйүнбүбү өзүнүн келини Тоюнбек кызы Нурайым менен биргеликте “Кел-Кел” дүкөнүн иштетип келишет.
Тоюнбек кызы Нурайымдын жолдошу Сакеев Жаныш Нарын сүт заводу менен келишим түзүп алып, айыл тургундарынан сүт азыктарын чогултуп, Нарынга сүт заводуна өткөрүп келет. 2020-жылдагы карантин учурунда айыл эли жумушсуз үйдө отурганда, алардын сүттөрүн үзгүлтүксүз чогултуп, түшкөн акчасына жашоочуларга азык-түлүк алып келип жатты. Азыркы убакта да Жаныш мырза бул ишин улантып келет. Айыл менен гана чектелбестен, жайкысын таң эрте Долон ашуусуна чейин барып, жайлоодогу жашоочулардан да сүт азыктарын чогултуп кетет.
Ал эми жубайы иштетип жаткан “Кел-Кел” дүкөнүнөн айыл эли азык-түлүк, кийимдерди, идиштерди, жер-жемиштерди ж.б. сатып алышат. Бул жеке чакан бизнести өнүктүрүүдө БУУ уюмунун өнүктүрүү программасынын соодага көмөктөшүү долбоору чоң өбөлгө болду. Долбоордун негизги максаты пандемия учурунда жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүү болуп саналат.
“Мен Фейсбук социалдык тармагынан жарыя көрүп, андагы анкетаны толтуруп жибергем. Андан кийин долбоорго кабыл алындыңыз деген билдирүү келген. Долбоордун семинар-тренингдери февраль айынан башталып, өтүлүп жатат. Азыркы убакта долбоорго мүчө катары кирген жаңы ишкерлер үчүн жумасына эки жолу ар тараптуу, бизнести өнүктүрүү, адамдын өзүнө ишенимин арттыруу максатында мотивациялык тренингдер уюшулуп турат. Тренингдер Zoom платформасында онлайн форматта өтүлөт. Эң кубанычтуусу Кыргызстандагы чоң-чоң ишканалары бар 30 ментор 120 чакан бизнеси бар ментирлерди окутуп, Ковид 19 пандемиясы шартында бизнести өнүктүрүүнүн жолдорун, ишкерликтин сырларын үйрөтүп келишет. Бул долбоор бир жыл аралыгында аяктайт. Долбоор мага абдан пайдалуу болду, көптөгөн ишкерлер менен тажрыйба алмаша алдым. Биздин жеке чакан бизнести өнүктүрүүдө менторлордон алган кеңештер абдан пайдасын тийгизди”,- дейт Тоюнбек кызы Нурайым.
Бээнин сүтүн ичип иммунитетти жогорулатуу мезгили башталды
Акылай Алмазбекова