Суусамыр өрөөнүнүн эли күн жылып, мал төлдөп, кулундар ирденгенден кийин жайлоого чыгат. Карапайым эл бээ саап, соода сатык менен алектенет. Суусамыр айыл аймагынын тургуну Сапарбек Мелисов ишмердүүлүгү тууралуу төмөндөгүлөрдү айтты:
Сапарбек Мелисов үй-бүлөсү менен
«Суусамыр өрөөнүнүн эли көбүнчө мал чарбачылык менен алектенет. Биз күн жылып, мал төлдөп, кулундар ирденгенден кийин жайлоого чыгабыз. Бээ саап, кымыз жасап, соода сатык менен алектенебиз. Көп жылдан бери биз кымыз жасоодо сабаны колдонуп келебиз. Саба кыштын күнү союлган жылкынын терисин жүнүн алдырып, ыштыкка берип, тиктирилип даяр болот. Саба жасоого көп убакыт керектелет. Саба жакшы колдонулган болсо 2-3 жыл чыдайт.
Сапарбек Мелисов жайлаган жер
Саба кымызды бышканга, ыштаганга, сактаганга дагы жакшы. Жакшы кымыз жасап чыгаруу үчүн, жаш баладай көңүл буруп караш керек. Кымызды убагында ыштап, көп муздатпай, ысытпай бирдей температурада сактоону талап кылат.»
Кулундар байланган желе
Сапарбек Мелисовдун жубайы Рыскүл Кадыралиева пандемиядан кийин бээнин сүтү, саамал, кымыздын пайдалуулугу тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирди:
Кыргыздын улуттук суусундугу кымыз
«Пандемия учурунда бээнин сүтүн ичкенге болбойт, ооруну күчөтөт деген сыяктуу ар кандай туура эмес кептер айтылды. Чындыгында сүт, саамал, кымыз адамдын иммунитетин көтөргөнгө жардамы чоң. Андыктан сүт, кымыз ичип ден-соолугуңарды чыңдагыла демекчимин. Бээнин сүтүн чөп бышканга чейин гана бир жума, он күн ичет. Көп күн ичкен дагы болбойт. Бээнин сүтүнүн пайдалуулугу абдан жогору. Организмди тазалайт, көп деген өнөкөт ооруларга пайдалуу. Ал эми кан басымы жогору болгон адамдар көбүнчө саамал ичишет. Саамал аш болумдуу, жумшак келет. Курамына A, E, C, B1 витаминдерин камтыйт».
Эскерте кетсек, Рыскүл Кадыралиеванын айтымында кымыз жасоо боюнча сынактарга катышып көп деген наамдардын ээси болушкан.
Айдана Токтобекова