Сокулук районунун Кызыл-Туу айылынын жашоочусу жеке ишкер Назира Муңайтпасова бир нече жылдан бери Бишкектеги ири базарында дары чөп сатып эмгектенет.
Ал жаратылыш койнундагы дарычылыгы бар өсүмдүктөр кайсы илдетке дары болуп, бейтапты эмне менен айыктырууга мүмкүн экендигин жакшы билет. Дары чөптөрдү сатуу менен ишмердуулук кылган Назира Мунайпазова: «Пандемия учурунда элибиз дары чөптөргө көбүрөөк көңүл буруп, аларды бактай баштады»- деп ой болушту.
Назира Муңайтпасова иш үстүндө
-Ушул билген билиминиздин натыйжасында акча таап келесиз. Бул ишке кантип аралашып калдыңыз?
Буш ишке мени дары чөптөр боюнча адис бир нече чөптүн түрүн билген Жанара Алгожоева эже үйрөтүп келет. Дары чөп менен иштегениме бир нече жыл болду. Тоого чыгып, дары чөп терип, аны туура кургатып сатуу көп түйшүктүү иш, бирок ошол эле учурда анын аркасынан жакшы эле акча тапса болот. Ал үчүн чөптөрдүн жетилип, дарылык касиети баралына жеткен айы, күнүнө чейин билиш керек.
-Коронавирус оорусу пайда болгонуна да билинбей 2-3 жыл өтүп баратат ушул ооруга каршы кайсы дары чөптөрдү колдонсо болот?
— Кыргызстандын жаратылышы болгон ооруларга каршы каражаттарды өзү тартуулады. Жөнөкөй сасык тумоодон тарта коркунучтуу делген COVID-19 оорусунан да сактанууга болот.
Мисалы, биз пандемия учурунда арчанын мөмөсүнөн жасалган арча жыттуу антисептик жасап чыгардык. Ошондой эле адырашман, арчаны түтөтүп жыттоо аркылуу мурун көңдөйүнүн микробдорун жок кылууга болорун, ошондой эле, бөлмөлөрдү бат-баттан түтөтүп дезинфекциялоо да эң натыйжалуу экендигин элибизге айтып келдик.
Эңгилчек, кызыл мыя, көкөмерен, карандыз, гүлкан жана долоно аттуу чөптөрдү ичип жөтөл оорусунан айыкса болот, пандемия учурунда дары чөптөрдү колдонгон адамдар абдан көбөйдү.
-Пандемия учурунда ден- соолукка кам көрүп, сергек жашоо образы менен күн кечирүү зарыл экендигине көпчүлүгүбүздүн көзүбүз жетти. Дары чөптөр менен иштеген адис катары айтсаңыз, айланада өсүмдүктөргө кандай мамиле кылышыбыз керек?
— Жөнөкөй талаада өскөн ромашканы терип кургаткандан кийин ымыркайды жуунтса болот, чайга кошуп ичсе жакшы. Ал сонун антисептик, аны менен жуунса дагы болот. Шалфей тамак ооруп калганда жакшы айыктырат, аялдардын репродуктивдүү органдарына пайдалуу. Чай чөп ички органдардын иштешин жакшыртып, рак клеткаларын өстүрбөйт. Чалканда С витамини аябай көп, канды тазалайт. Мындай чөптөрдүн ондогон түрүн Кыргызстандын аймактарынан кыйынчылыксыз табууга болот. Ошолорду колдонууну үйрөнүп алса ашыкча болбойт. Кыргызстандыктар толгон-токой дары чөптөрдү тебелеп эле басып жүрөбүз.
Нурзат Момуналиева