23-февраль күнү Кадырбек Конушбаевдин жаркын элесине арналган турнир экинчи ирет агайдын атын алып жүргөн Суусамыр орто мектебинде болуп өттү. Аны уулу каржылады. Былтыр 5 команда катышса, быйыл 7 команда катышты.
Болуп өткөн турнир боюнча мектептин мүдүрү Азамат Кашкариев төмөнкүдөй маалымат берди:
«Бул турнир Конушбаев Кадырбек атындагы орто мектептин дене тарбия мугалими Калыбек Таштанбаев агай Тынчтыкбек Кадырбекович агайдын уулу Эмирланга сунуштоосу менен башталган. Быйыл да толугу менен Тынчтыкбек Конушбаев агай жана уулу Эмирлан каржылады. Былтыркы жылы 5 команда катышса, быйыл 7 команда катышты, анын ичинен Конушбаев Кадырбек атындагы орто мектептен мугалим эже-агайлардан эки команда чыкты.
Байгелери тууралуу айтсак, биринчи орунга грамоталар, медалдар, кубок жана 10000 сом акчалай сыйлык. Экинчи орунга грамота, медал жана 7000 сом акчалай сыйлык. Үчүнчү орунга грамота, медал, 5000 сом акчалай сыйлык. Төртүнчү орунга 4000 сом акчалай сыйлык тапшырылды.
1-орунду К.Конушбаев орто мектебинин оюнчулары
2-орунду С. Карабеков орто мектебинин оюнчулары
3-орунду С. Мырзакматов орто мектебинин оюнчулары
4-орунду И. Бегимкулов орто мектебинин оюнчулары
Мен ойлойм, бул турнирдин келечеги кең болот деп, буюрса жыл сайын Тынчтыкбек Кадырбекович агайдын жана балдарынын колдоосунда жыл сайын өткөрүлүп турат.
Турнир Суусамыр өрөөнүндөгү мектептерде, бала бакчаларды иштеген кызматкерлердин бирин-бири жакындан таануусу, ынтымакташуусу, ошондой эле эң негизгиси ден соолукту чыңдоодо өзүнүн жакшы натыйжасын берет деп ойлойм. Турнирне бардык команда толук катышты. Жогорку деңгээлде өткөрүлдү десем болот.
«Иш бар жерде аш чарасы болот» дегендей алыстан келген командаларга сый дасторкон жайылып, андан соң оюнду баштадык. Ушул нерсенин баардыгы Тынчтыкбек Кадырбекович агайдын каржылоосунда өткөрүлдү.
Бардыгы өзүнүн жолу менен кетип, анын ичинде Кыргыз Республикасынын гимни менен баштап, ошондой эле 1 мүнөттүк эскерүү жүргүзүп, жалпы командаларга ийгиликтер кааланып, турнир жакшы маанайда уланып, жыйынтыгында татыктуунун татыктуусу орундарга ээ болушту.
Шамирдинова Бегимай